www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШтын бир нече штатында ишемби, 15-мартта, күчтүү торнадолордун аймактарга сокку уруусунан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды. Табият кырсыгынан эң көп жабыркаган штат Миссури болуп, анда 12 адам каза тапканын жергиликтүү бийлик билдирүүдө.

Урагандардын олуттуу кесепеттери Оклахома, Теннесси, Арканзас, Техас жана Джорджия штаттарында да байкалган. Кыйраган имараттар, жолдордо оодарылган автоунаалар – анын ичинде жүк ташуучу унаалар, электр энергиясынын массалык өчүшү катталган. Жалпысынан кеминде 33 адам каза таап, ондогон адамдар жаракат алышкан. Торнадолордон кийин урандыларды тазалоо иштери уланууда.

Жергиликтүү тургундар социалдык тармактарда табият кырсыгынын кесепеттерин көрсөткөн сүрөттөрдү жана видеолорду бөлүшүүдө. Арканзас жана Джорджия штаттарында жаңы торнадолордун коркунучу жаралгандыктан өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Ошондой эле, бул толкун Индиана, Иллинойс, Кентукки жана Миссисипи штаттарын капташы мүмкүн. Луизиана жана Мексика булуңунун жээгинде (аны АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп "Америкалык булуң" деп өзгөрткөн) да аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө даярдык көрүлүүдө.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, төмөнкү Миссисипи жана Теннесси өрөөндөрүндө, Мексика булуңунун борбордук жээгинде жана өлкөнүн түштүк-чыгышында "абдан күчтүү" жана "өтө кооптуу" торнадолор пайда болуу коркунучу бар.

АКШдагы торнадолор токой өрттөрүнө себеп болду

АКШдагы смерчтер өлкөнүн чыгышына жылып бара жаткан тропикалык циклон менен коштолууда. Саатына 130 км ылдамдыктагы шамал Канада чек арасынан Техаска чейин согуп, түндүк региондордо 15 смге чейин кар жаап, түштүктө токой өрттөрүнүн чыгышына шарт түздү.

Оклахомада 130дан ашуун өрт катталып, айрым аймактарда эвакуация жарыяланды. Жалпысынан 300гө жакын үй жабыркаган же толугу менен күйүп кеткен. Штаттын губернатору Кевин Ститт өрт 689 чарчы чакырымдан ашуун аймакка жайылганын билдирди.

Техаста да токой өрттөрү катталган, бирок алар анчалык чоң болгон жок. Жалпы 100 чарчы чакырым жерди каптаган тилсиз жоо 14-марттын кечинде көзөмөлгө алынган. Ошол эле учурда, Канзас, Миссури жана Нью-Мексико штаттарында дагы өрт коркунучу сакталууда, анткени түштүк аймактарда ысык жана кургак аба ырайы өкүм сүрүүдө.

Калифорниядагы ири токой өрттөрү

2025-жылдын башында Калифорнияда тарыхтагы эң ири токой өрттөрү катталган. Ошол кездеги президент Жо Байден аларды "штат тарыхындагы эң алаамат өрт" деп атаган. Бул кырсык учурунда Лос-Анджелес жана анын айланасындагы аймактардан 180 миңге жакын адам эвакуацияланган. Өрттөн жалпы 233 чарчы чакырым (33 миң футбол талаасына барабар) аймак жабыркаган.

Изилдөөчүлөрдүн World Weather Attribution (WWA) тобу климаттын өзгөрүшү мындай өрттөрдүн пайда болушуна өбөлгө түзөрүн белгилешти. Алардын маалыматына караганда, 2025-жылдын январында Түштүк Калифорнияда ири токой өрттөрүнүн пайда болуу ыктымалдыгы индустриалдык доорго чейинки мезгилге салыштырмалуу 35% жогору болгон.

Ал эми учурдагы АКШ президенти Дональд Трамп глобалдык ысыктын бар экенин четке каккан позициясы менен белгилүү. Ал буга чейин эки жолу АКШны Париж климаттык келишиминен чыгаруу аракетин көргөн.

Последние новости