www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оруссия, Беларусь, Тажикстан жана Азербайжандын президенттери – Владимир Путин, Александр Лукашенко, Эмомали Рахмон жана Ильхам Алиев – 9-майда Москвада жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууга чейин тараптар телефон аркылуу сүйлөштү: Путин, Рахмон жана Лукашенко Алиевге чалып, бейрасмий жолугушуунун алкагында пикир алышты.
"Достук маанайындагы сүйлөшүү болуп, анда мамлекет башчылары мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашты", – деп белгиледи Кремль.
Тараптар Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралардын алкагында жолугууга макулдашты.
Белгилей кетсек, КР президенти Садыр Жапаров Москвада өтө турган 9-майдагы салтанаттуу иш-чарага катышат.