www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткоффтун айтымында, Трамп менен Путин келерки жумада телефон аркылуу сүйлөшүшү мүмкүн.
Атайын өкүл ошондой эле Путин менен болгон жолугушуусу 3-4 саатка созулганын, позитивдүү өткөнүн жана Украина кризисин чечүү жолдорун издөөгө багытталганын билдирди. Путин Трамптын философиясын кабыл аларын белгилеп, экөө тең Украинадагы согуштук аракеттерди токтотууну колдой турганын айтты.
Уиткоффтун айтымында, Москва менен Вашингтондун ортосундагы пикир келишпестиктер азаюуда, ал эми Украина боюнча чыныгы жылыш жакынкы жумаларда күтүлүүдө.