www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түндүк Македониянын түндүк-чыгышындагы Кочани шаарындагы Pulse дискотекасында чыккан өрттөн кеминде 50 адам каза болду. Бул тууралуу МИА билдирди.
Басылма азырынча Ички иштер министрлигинен расмий билдирүү боло электигин, бирок өлкөнүн ар кайсы шаарларында ондогон жабырлануучулар ооруканага жеткирилгенин расмий өкүлдөр ырасташты.
Окуя болгон учурда мекемеде 1,5 миңдей адам болгон. Өрт 16-мартка караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:00 чамасында чыккан. Өрт концерт учурунда пиротехникалык каражаттарды колдонуудан келип чыккан деп болжолдонууда.
Окуя болгон жерге премьер-министр Кристиан Микоски жана өкмөт мүчөлөрү келишти.
Маалым болгондой, куткаруу кызматтары өрттүн кесепеттерин жоюуну улантууда, аларга жергиликтүү калк жардам көрсөтүүдө.
Жергиликтүү "Вечер" гезити билдиргендей, концерт өткөн түнкү клубдун ээси камакка алынган. Ички иштер министрлиги иш-чаранын уюштуруучуларын суракка чакырды.
Белгилей кетсек, буга чейин Түркиянын Анталия провинциясынын Алания шаарында курулуп жаткан мейманкананын имаратынан өрт чыкканы маалымдалган.
Мухаммад Хадиев, Ташкен