www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Луизиана штатындагы Шривпорт шаарында белгисиз киши сегиз баланы атып өлтүрдү. Дагы экөө жарадар болду. NBC News билдиргендей, кол салган адам уурдалган унаа менен качып кетүүгө аракет кылып, полиция тарабынан атып өлтүрүлдү.

19-апрель күнү эртең менен Луизиананын түндүк-батышындагы Шривпорт шаарында белгисиз куралчан адам ок чыгарган. Алдын ала маалыматтарга караганда, 1 жаштан 14 жашка чейинки сегиз бала каза болгон.

Балдардын айрымдары ал киши менен тууган болгон деп кабарланууда. Атышуулар шаардын бир нече жеринде болгон.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, кол салган адам уурдалган унаа менен качып кетүүгө аракет кылган, бирок полиция тарабынан өлтүрүлгөн.

Дагы эки адам октон жаракат алган, бирок алардын абалы белгисиз.

Полиция иликтөөнү улантууда.

Последние новости