www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын жараны Жанат Шамиганов «Настоящее время» басылмасынын кабарчысына кыргызстандык үй-бүлө менен болгон окуя тууралуу айтып берди.
Шамиганов маегинде Борбордук Американын 7 өлкөсүн жунгли аркылуу басып өтүп, АКШга кантип мыйзамсыз келгени тууралуу билдирген. Анын айтымында, ал бир нече адам, анын ичинде кыргызстандыктар болгон топтун ичинде болгон. Бир түнү аталган топ Жээк коопсуздук кызматынын көзүнө көрүнбөө үчүн Кариб деңизи менен бара жатышкан.
"Караңгыда кыргызстандык аялдын колунан баласы түшүп кеткен. Артынан аял жана күйөөсү сууга секиришкен. Кайык кайра алар үчүн кайтып барган эмес. Бул жерде кырдаал түшүнүктүү, себеби толкундар чоң жана түнкүсүн катуу ылдамдыкта болот. Ошондуктан биз отурган кайык артка кайткан эмес", - деп эскерет Шамиганов.
Ошол эле учурда казакстандык бул качан жана кайсы өлкөдө болгонун так айткан жок.
Белгилей кетчү нерсе, Кариб деңизинин жээгинде Колумбиядан АКШга чейинки жайгашкан өлкөлөр: Колумбия, Панама, Коста-Рика, Гватемала, Белиз, Мексика экени маалым.
Жогорудагы айтылган кайгылуу окуя аталган өлкөлөрдүн биринде болушу мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg