www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай менен Грузиянын бийликтери эки өлкөнүн ортосунда стратегиялык өнөктөштүк түзүлгөнүн жарыялашты. Бул тууралуу NazarNews маалыматтык агенттигине Кытайдын CCTV plus агенттиги билдирди.
Тиешелүү чечим Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвилинин Кытайга болгон азыркы сапарынын алкагында кабыл алынган. Мекеме тараткан биргелешкен билдирүүгө ылайык, Пекин менен Тбилиси саясий өз ара аракеттенүүнү да, экономика, ошондой эле маданият тармагындагы кызматташтыкты да арттырууну пландаштырууда.
“Тараптар эл аралык маселелерди чечүүдө координацияны бекемдейт, эки тараптуу мамлекеттер аралык мамилелерди тереңдетүүнү улантат, аймакта, ошондой эле бүткүл дүйнөдө тынчтыкты, туруктуулукту жана өнүгүүнү биргелешип камсыздайт”, - деп айтылат маалыматта.
Грузиянын өкмөт башчысы Кытайга Чэнду шаарында (Сычуань түштүк-батыш провинциясы) 31-жайкы Универсиаданын ачылышына катышуу үчүн келди.
Булак: NazarNews.kg