www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бильярд боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык бильярдчы Азиз Мадаминов экинчи орунга ээ болду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, 30-июлда бильярд боюнча Екатеринбург шаарында "Екатеринбург башчысынын кубогу" эл аралык мелдеши аяктады. Чемпионатка Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Молдовадан динамикалык пирамида боюнча 63 чебер катышты.

Кыргызстандык бильярдчы Азиз Мадаминов финалда орусиялык Максим Зверевге 4:6 эсебинде утулуп, экинчи оруна ээ болду. Ал күмүш медаль жана акчалай сыйлык менен сыйланды.

Мелдештин негизги байге фонду 2,8 миллион рублду түздү.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости