www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылы АКШнын экс-президенти Дональд Трамп миграция боюнча чектөө киргизген болчу. Тыюу салынган өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан да болгон.

Үстүбүздөгү жылдын 20-январында АКШнын жаңы президенти Джо Байден Кыргызстандын жарандары үчүн да токтогон иммиграция жана “Грин-картага” (Diversity Visa) болгон чектөөнү жокко чыгаруу боюнча указга кол койгон.

Эми АКШга буга чейин виза берүүдө баш тартылган жарандар кайрадан карап чыгууга документтерин жиберип, же жаңыдан арыз менен кайрыла алышат. Бул тууралуу 8-мартта АКШнын Мамлекеттик департаментинде билдирилген.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Нед Прайстын айтымында, 2020-жылдын 20-январына чейин визага тапшырып, бирок ала албай четке кагылгандар каттоо акысын төлөп, кайрадан кайрылышы керек. Ал эми 20-январда жана андан кийин берилбей калган визалардын ээлери эч кандай төлөм жана жаңы каттоо арыздары жок эле элчиликтин чыгарган чечимин кайра карап чыгууну талап кыла алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости