www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ менен НАТОнун Украинадагы аракеттери өзөктүк кагылышуу коркунучун күчөтөт. Бул туурасында Рональд Рейгандын администрациясы алдындагы Ак үйдүн мурдагы кызматкери Пол Крейг Робертс өзүнүн сайтына жазды.
“Мен чыр-чатак өзөктүк Армагеддонго айланганынан көрө, Россиянын согушта жеңгенин артык көрөм”, - деди ал.
Робертстин айтымында, курал-жарак корпорациялары чыр-чатактын курчушуна кызыкдар, анткени алар мындан зор киреше алышат.
Адис Вашингтонду украин кризисине катышууну токтотууга чакырып, антпесе америкалыктарды вьетнамдык сценарий күтүп турарын айтты.
“Украин аскерлери жеңилип жатат, демек жакында америкалык жана европалык бөлүктөрдү киргизүү боюнча агитация башталат. Адегенде алар Киевди колдоо үчүн бир дивизия жетиштүү болот дешет. Анан бул дивизияны сактап калуу үчүн дагы бир дивизия керек болот. Биз мунун баарын Вьетнамда көрдүк”, - деп сөзүн жыйынтыктады макаланын автору.
Буга чейин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров БУУнун Коопсуздук кеңешинин Украина боюнча жыйынында сүйлөп жатып, Киев режимин колдогон батыш өлкөлөрү жаңжалдын тарапташына айланып баратканын билдирген. Ал ошондой эле Украина үчүн курал-жарак камтыган ар кандай жүктөр Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын белгилеген.
Булак: NazarNews.kg