www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык белгилүү журналист Такер Карлсон жакында Россия президенти Владимир Путинден интервью аларын жарыялаганын РИА Новости жазды.

"Путин менен маектешүү үчүн Москвадабыз. Биз аны жакында жасайбыз", — деп Карлсон Кремлдин фонунда сүрөткө түшүп, аны X тармагына жарыялаган.

Журналист америкалыктар Россия менен Украинада эмне болуп жатканын такыр эле билбегендиктен улам Путин менен маектешүүнү чечкенин түшүндүргөн.

"Дүйнөнү өзгөртүп жаткан согуштун башталганына эки жыл өтсө да, америкалыктардын көбүнүн кабары жок. Бул аймакта, Россияда же андан 600 миля аралыкта жайгашкан Украинада чындыгында эмне болуп жатканын билишпейт", — деген ал.

Карлсон аны эч ким каржылап жөнөтпөгөндүгүн, өзүнүн командасы менен келип түшкөнүн, кеткен чыгымдарын кайсы бир топ же өкмөт эмес, өздөрү көтөргөнүн жазган.

Интервьюнун айланасындагы кеп-сөз

Такер Карлсон анын интервьюсуна Илон Маск каршы эместигин, X социалдык тармагында эркин коюп, блоктобогонго убада бергенин айткан.

Андан сырткары, АКШ президенти Жозеф Байдендин администрациясы Путин менен маектешүүгө эки ирет тоскоолдук жаратканын билдирген.

Кооптуулук боюнча алгач блогер Ян Чонг америкалык бир топ саясатчылар менен ЖМКлар Карлсонду камоо туурасында айтып жатканын эске салган.

"Эгерде Такер Карлсон абайлабаса, кезектеги Жулиан Ассанж болуп калышы ыктымал", — деген ал.

Буга Маск өзүнүн реакциясын билдирген.

"Камаш керек (журналистти – ред. ) деген чакырык салып жаткандардын өзүн камагыла", — деген Илон Маск.

Республикачыл парламентарийлер Карлсондун Россия лидеринен интервью ала турганын кубатташкан.

"Чыныгы журналистика деген ушундай болот", — деп жазган конгрессчи айым Маржори Тейлор Грин. Эл өкүлдөрүнүн өкүлү Мэтт Гаетц да бул кадамды "чыныгы журналистика" деп атаган.

Карлсондун Путинен маек аларын жазган постун алты саат ичинде 37,5 миллион жолу көрүшкөн. Журналисттин аккаунтуна баш-аягы 90 миңден ашык катталуучу жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости