www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки Ирандын жакынкы келечекте өзөктүк курал жасоо мүмкүнчүлүгүнө комментарий берди. Бул тууралуу Лента.ру жазды.
Анын айтымында, АКШ администрациясы бул жакынкы эки жумада болушу мүмкүн деп чочулап жатат.
«Ооба, бул албетте бизди тынчсыздандырат. Биз Ирандын өзөктүк программасын катуу чектеген, эл аралык инспекторлордун көзөмөлүндө болгон Ирандын өзөктүк келишимине чейинки мезгилге кайтып баратабыз деп айтат элем. Трамптын администрациясы келишимден чыккандан бери Иран тездик менен өзөктүк программасын тездетип, эл аралык инспекторлор менен кызматташууну кыскартты», - деди басма сөз катчы.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШ Конгрессинин мүчөлөрүнүн тобу Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге жетишүүнүн натыйжасында Орусия кандай «артыкчылыктарга» ээ болорун билүү үчүн мыйзам долбоорун даярдашкан.
Маалым болгондой, АКШ президенти Джо Байден келишим түзүлгөндөн кийин беш күндүн ичинде долбоорду тапшырышы керек.
Булак: NazarNews.kg