www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка Кошмо Штаттары Ооганстанда жасаган 20 жылдык катасын Украинада кайталап жатат, деп жазат кытайлык The Global Times басылмасы.
Киевге курал-жарак чыгаруу менен америкалык жетекчилик оогандык «ийгиликти» кайталап жатат деп эсептейт. Бирок, гезит эске салгандай, Ооганстандын Кошмо Штаттарынын 20 жылдык оккупациясынын натыйжасы америкалык аскерлерди өлкөдөн өзүнүн жакындагы союздаштарын таштап, чыгарып кетүүгө туура келген.
Азыр рекорддук жогорку инфляцияга жана көзөмөлгө алгыс өсүп жаткан мамлекеттик карызга туш болгон АКШ Украинага курал-жарак жана ок-дары менен да, каржы жагынан да жардам берип жатат, деп жазат The Global Times.
Буга чейин мурдагы конгрессмен Тулси Габбард Fox News телеканалында АКШнын президенти Джо Байден так аныкталган максаттардын жоктугунан Украинада жеңилип калаарын айткан.
"Биз Ооганстан менен Иракты карасак болот - бул сиздин конкреттүү миссияңыз жок болгондо эмне болоруна эң акыркы мисал", - деди саясатчы.
Орусиянын Донбассты коргоо боюнча 24-февралда башталган атайын операциясынын фонунда АКШ жана анын НАТОдогу өнөктөштөрү Украинага аскердик техникаларды берүүнү улантууда.
Буга чейин АКШнын президенти Джо Байден Киев режимине 40 миллиард долларга жакын аскерий, экономикалык жана гуманитардык жардам бөлүү боюнча мыйзам долбооруна кол койгон.
Москва Батыштын жаңжалды созууга аракет кылып жатканын бир нече жолу эскертип келет. Орусиянын Коргоо министрлиги ок-дары кампалары кошуна республикадагы ВКС үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскертти.
Булак: NazarNews.kg