www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Арктикадагы таасирин күчөтүү аракетин улантып, Гренландиядагы стратегиялык ресурстарды көзөмөлгө алууну көздөөдө. Батыш маалымат каражаттарынын билдиришинче, Вашингтон Кытайдын аралдагы кен байлыктарга жана инфраструктуралык долбоорлорго инвестиция салуусун чектөө боюнча Дания жана Гренландия менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Негизги максат — сейрек кездешүүчү металлдарга бай Гренландияны Кытайдын экономикалык таасиринен алыстатуу. АКШ бул кадамды “коопсуздук чарасы” катары түшүндүрсө, айрым саясат талдоочулар аны Арктикадагы ресурстар үчүн геосаясий күрөштүн бир бөлүгү катары баалашууда.
Эксперттердин пикиринде, мындай келишим кабыл алынса, Гренландия чет элдик өнөктөштөрдү тандоодо эркиндигин жоготушу мүмкүн. Ал эми Кытай болсо Арктика аймагында экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип келет.
Гренландия дүйнөлүк технология өндүрүшү үчүн маанилүү болгон литий, неодим жана башка сейрек металлдардын ири запастарына ээ. Ошондуктан арал айланасындагы атаандаштык акыркы жылдары күчөп, АКШ, Кытай жана Европа мамлекеттеринин кызыкчылыгы кагылышкан аймакка айланууда.