www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын үч аскеринин өмүрүн алган чабуул үчүн айыпталып жаткан, Иран колдогон ирактык согушкер топ Кошмо Штаттарга каршы чабуул операцияларын токтото туруп, коргонууга өтүүнү чечти. Ирактагы «Катаиб Хезболла» тобунун жетекчилеринин бири Абу Хусейн ал-Хамидави бул тууралуу 30-январдын кечинде билдирди.

Ал чабуул АКШ Израилдин Газадагы операциясын колдоп жатканы үчүн жасалганын кыйытып, «Ирак өкмөтүнө залака тийишине себепкер болуп калбаш үчүн» ушундай чечимге келишкенин айтты.

«Биз Газа секторундагы элибизди башкача жолдор менен коргойбуз», — деди Хамидави.

АКШнын Коргоо министрлиги согушкер топтун бул билдирүүсүн ишенбөөчүлүк менен кабыл алды. Пентагондун өкүлү Пэт Райдер: «Жасалган иш айтылган сөздөн да катуу» деп айтты жана ошол иштин кесепети болорун эскертти.

Иорданиянын Сирия менен чектеш аймагында жайгашкан америкалык аскерлерге жасалган чабуулдан үчөө мерт кеткенин АКШ 28-январда расмий кабарлаган жана мында «Тегеран каржылаган «Катаиб Хезболла» тобунун изи бар» экенин билдирген.

30-январда Флорида штатында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып АКШ президенти Жо Байден «Ооба» деп айткан, бирок кандай чара пландалып жатканын ачыктаган эмес.

«Бизге Жакынкы Чыгышта чоң согуш керек деп ойлобойм. Менин издегеним ал эмес», — деген ал. 

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин өлкө президенти Жо Байдендин үч кишинин өмүрүн алган, ондогон аскер кызматкери жараат алган кол салууну уюштургандар жазага тартылары тууралуу билдирүүсүн бекемдеген.

Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча рамсий өкүлү Жон Кирби «Биз Иран менен согушууга умтулбайбыз» деп билдирген, бирок аскерлерге жасалган чабуулду чыңалууга түрткү болчу, жооп кайтарыла турган окуя катары мүнөздөгөн.

Иран бул окуяга эч тиешеси жоктугун айтууда. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги АКШнын айыптоосун негизсиз деп атаган. Мекеменин өкүлү Нассер Канаани аймактагы «каршылык кошуундары» Тегеранга баш ийбей турганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости