www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Купуя кызматкерлери (Secret Service) АКШ президенти Дональд Трампке таандык жеке резиденциянын аймагына мыйзамсыз кирген куралчан адамды атып өлтүрүштү. Бул тууралуу CNN жекшемби күнү билдирди.

Купуя кызматтын маалыматына ылайык, эркек киши корголгон периметрдин аймагына кирген учурда ага карата ок чыгарылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал болжол менен 20 жаштар чамасында болгон. Анын жанында мылтык (дробовик) жана күйүүчү май куюлган идиш болгон.

Учурда тергөөчүлөр анын мүмкүн болгон аракетинин себептерин аныктап жатышат.

CNN белгилегендей, окуя түн ичинде болгон. Ошол учурда президент жана биринчи айым Флоридада эмес, Вашингтондо болушкан.

Последние новости