www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф менен байланыштырылган Gulfstream G650ER учагы Москвадагы Внуково-2 аэропортуна конду, деп билдирет РИА Новости кабарчысы.
Flightradar кызматынын маалыматына ылайык, бул учак Катардан учуп чыгып, Сауд Аравиясынын, Египеттин жана Түркиянын үстүнөн өткөн. Андан кийин Болгария тарапка бурулуп, Румыниянын, Венгриянын, Словакиянын, Польшанын, Литванын жана Латвиянын аба мейкиндигин кесип өтүп, Россияга багыт алган.
Бүгүн Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков АКШ өкүлдөрүнүн келишин тастыктады. Ал алар менен байланыштар пландалганын белгиледи. Ошол эле учурда, Кремлдин өкүлү Украина боюнча сүйлөшүүлөр али баштала электигин эске салууну өтүндү. Ошондой эле Песков Москва Вашингтон менен Киев делегацияларынын Сауд Аравиясындагы жолугушуусунан алынган маалыматтардан кийин гана өз позициясын аныктай турганын кошумчалады.
АКШнын Ак үйүнүн басма сөз катчысы Каролин Левитт кечээ Стив Уиткофф Москваны Украинада ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууга кол коюуга көндүрүү максатында зыярат кыларын билдирди.
Шейшемби күнү Украина менен АКШ делегацияларынын сүйлөшүүлөрү болуп, алардын жыйынтыгында америкалык администрация ок атышууну дароо токтотууга чакырды. Украина президентинин кеңсеси Вашингтон менен Киевдин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жарыялап, анда Украина АКШнын 30 күндүк ок атышууну токтотуу сунушун кабыл алууга даяр экени айтылат.
Мындай келишим тараптардын макулдугу менен узартылышы мүмкүн. Документте ошондой эле АКШ чалгын маалыматтарынын алмашуусундагы тыныгууну дароо жокко чыгарып, Украинага аскердик жеткирүүлөрдү калыбына келтирери белгиленген.
АКШ президенти Дональд Трамп Киев ок атышууну толугу менен токтотууга даяр экенин айтып, Вашингтон эми Москванын реакциясын күтүп жатканын билдирди.
Россия президенти Владимир Путин январь айында Коопсуздук кеңешинин жыйынында Украинанын айланасындагы жаңжалды жөнгө салуунун максаты узак мөөнөттүү тынчтык болушу керектигин белгилеген. Ал убактылуу тынчтык келишими Киевге күчтөрүн чыңдоого мүмкүнчүлүк берип коеру мүмкүндүгүн эскерткен. Ошондой эле Москва Украинанын макулдашууларды системалуу түрдө бузуп келгенин бир нече жолу белгилеген.