www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, саат 09:11де Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул табигый кырсык бир катар турак жайларга жана социалдык объекттерге зыян алып келди. Бактыга жараша, адам өмүрүнө коркунуч жаралган жок. Бул тууралуу ӨКМ басма-сөз кызматы билдирди.
Азыркы учурда такталган маалыматтар боюнча облус аймагында жабыркаган объекттер төмөнкүлөр:
25 турак үй, алардын ичинен 1 үй жашоого кооптуу деп табылды;
12 мектеп, 1 бала бакча, 1 үй-бүлөлүк дарылоо борбору.
Ага кошумча Бообек Ажикеев орун басары Акылбек Мазарипов жана райондук жарандык коргонуу комиссиялары кырсыктын кесепеттерин тактоо жана зыян тарткан тургундарга жардам көрсөтүү иштерин жеринде жүргүзүп жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бардык тиешелүү түзүмдөрү абалды көзөмөлдөп, ыкчам аракеттерди көрүүдө, - деп билдирди.
Коомчулукка: жер титирөө жана башка табигый кырсыктар күтүүсүз келип чыккандыгын айтып, сак болуп, жарандардын үйүндө жаракалар пайда болсо же кооптуу жагдайлар байкалса, 112 куткаруу кызматына кайрылууну жана мүлктү камсыздандырууну унутпоону эскертти.