www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Колорадо штатынын Жогорку соту Дональд Трампты АКШнын президенттигине талапкер катары шайлоодон четтетти жана анын ысымын штаттын шайлоо бюллетенине киргизүүгө тыюу салды. Сот мындай чечимин Трамптын 2021-жылдын 6-январындагы окуяга катыштыгы менен негиздеди. Анда анын тарапташтары Жо Байден жеңишке жеткен шайлоонун жыйынтыгын тастыктоону үзгүлтүккө учуратуу максатында Конгресстин имаратына чабуул жасашкан.
Соттун бул чечими Колорадо штатындагы шайлоочулар тобунун Дональд Трамп Конституцияга ылайык, президенттик шайлоого катышууга укугу жоктугун белгилеген доо арызына жооп болду. Анда өкмөткө каршы чыккан мамлекеттик жетекчи АКШга да каршы козголоңго катышса, ал федералдык штаттык деңгээлде мамлекеттик кызматты ээлей албасы жазылган.
Колорадо штатынын төмөнкү инстанциядагы соту бул арызды Конституциядагы аталган тыюу президентке да тиешелүү экени так көрсөтүлбөгөнү менен четке каккан. Жогорку сот Конституцияны мындай чечмелөөгө макул болгон жок. Ал козголоңго Дональд Трамптын тиешеси бар деген тыянакка келген жана конституциялык тыюу президенттикке талапкерлерге да тиешелүү экенин белгиледи.
Трамптын шайлоо штабынын өкүлдөрү Колорадо штатынын бул чечимине апелляциялык арыз менен АКШнын Жогорку сотуна кайрылышат. Алар штаттын Жогорку сотунун чечимин Колорадонун шайлоочуларын өз талапкери үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу аракети жана шайлоо жараянына кийлигишүү деп баалашты.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg