www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп "Азаттык" жана "Америка үнү" радиосун көзөмөлдөгөн АКШнын Глобалдык медиа агенттигин (USAGM) жана башка алты федералдык агенттикти жабуу боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу тиешелүү документ Ак үйдүн сайтында жарыяланды.

Буйруктун текстине ылайык, Трамп бул мекемелердин конституцияга карама-каршы келген структуралык бөлүктөрүн жана функцияларын мүмкүн болушунча жок кылууну талап кылган. Мындан тышкары, ал бул уюмдарга өздөрүнүн уставында каралган функцияларды да минималдуу деңгээлде кыскартууну жана кызматкерлердин санын кескин кыскартууну тапшырды.

Жоюла турган уюмдардын тизмесине Вудро Вильсондун эмгекти изилдөө борбору, эмгек талаш-тартыштары боюнча агенттиктер, үй-жайсыздарды колдоо уюмдары, музейлерди, архивдерди жана китепканаларды каржылаган агенттиктер, ошондой эле жакырчылыкты жоюу программаларына адистешкен агенттиктер кирет.

Аталган мекемелердин жетекчилери 21-мартка чейин Ак үйдүн бюджеттик башкармалыгына буйруктун талаптарын толук аткаргандыгы боюнча отчет бериши керек.

The New York Times жазгандай, Трамп бул буйрук менен өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегин сынап жатат, анткени АКШ Конгрессинин резолюциясына ылайык, USAGM көз карандысыз агенттик болуп саналат. Басылма "Америка үнү" жана "Азаттык" радиосу чет өлкөдөгү аудиторияга эл аралык окуялар тууралуу объективдүү маалымат бериши керектигин баса белгилейт.

USAGM учурда беш эл аралык медиа тармагын башкарат, анын ичинде Эркин Европа/Азаттык радиосу жана Америка үнү. Агенттиктин жылдык бюджети болжол менен 270 миллион долларды түзөт, анын маалымат каражаттары 49 тилде көрсөтүлөт.

Эске салсак, буга чейин АКШнын өкмөттүк эффективдүүлүк департаментинин (DOGE) башчысы жана президент Дональд Трамптын эң жакын кеңешчилеринин бири Илон Маск АКШ өкмөтү каржылаган “Америка үнү” жана “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун ишмердүүлүгүн токтотууга чакырган.

Кийинчерээк Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШ президенти Дональд Трамп менен Илон Масктын ЮСАИД жана «Америка үнү» жана «Азаттык» радиосу сыяктуу медиа долбоорлорун жабуу боюнча пикирин колдой турганын билдиргене. Өзбекстандагы журналисттерди даярдоого адистешкен жалгыз университет болгон Журналистика жана массалык коммуникациялар университетинин ректору Шерзодхон Кудратходжа да “Америка үнү” жана “Азаттык” радиосунун жабылышын колдоду. 

Шехроз Жалгашев, Ташкен

Последние новости