www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп Россияга "жалгыз гана кайгы" алып келгенин айтты. Ал бул тууралуу журналисттер менен сүйлөшүп жатып, аны Россияга жан тартат деп айыптагандарга жооп кайтарды. Анын сөзүн Fox News телеканалы көрсөттү.

"Мен Россияга кайгыдан башка эч нерсе берген жокмун. Мен аларга санкцияларды жана Украина үчүн Javelin (танкка каршы ракеталар) бердим", — деди Ак үйдүн башчысы.

Трамптын айтымында, аны Россияга жардам берди деп айыпташат, бирок ал санкцияларды күчөтүү жана курал-жарак берүү аркылуу Киевди сактап калган.

Буга чейин Трамп АКШ Украинага жардамды улантпай турганын, эгерде Киев тынчтыкка жетиш үчүн так кадамдарды жасабаса, колдоо көрсөтүлбөй турганын айткан.

Трамп менен Зеленскийдин кайым айтышуусу

Жума күнү Ак үйдө Трамп менен Зеленский жолугушту. Алар сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимге кол коюшат деп күтүлүп жаткан, бирок сүйлөшүү кайым айтышуу менен аяктады. Fox News’тун маалыматына караганда, америкалык лидер Киев режиминин башчысын Ак үйдөн кууп чыккан жана ресурс боюнча келишим үзгүлтүккө учураган.

Жолугушуунун жыйынтыгында, АКШ президенти Зеленский тынчтыкка даяр эместигин жана Америка Кошмо Штаттарына сый-урмат көрсөтпөгөнүн белгиледи.

CBS News’тун Трамптын айланасындагы жогорку даражалуу булактарына шилтеме берип маалымдашынча, бул окуя Вашингтондун Киевге жардамын токтотуу маселесин козгойт.

ММКлардын маалыматына ылайык, украиналык аткаминерлер айтышуудан кийин келишимди кайрадан талкуулоо аракетин жасашкан, бирок майнап чыккан эмес, анткени Ак үйдүн башчысы Зеленский менен сүйлөшүүдөн баш тарткан.

Последние новости