www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сириянын түндүк-чыгышында Аль-Омар газ кенинде жайгашкан АКШнын Green Village базасы ракеталык аткылоого дуушар болду. АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) басма сөз катчысы майор Жон Мурдун айтымында, аткылоодон каза болгондор жок. Сокку АКШнын Иран менен байланышы бар топторго жасаган чабуулунан кийин жасалганын The Hill кабарлады.
Кечээ, 24-мартта АКШнын куралдуу күчтөрү Ислам революциясынын сакчылар корпусуна тиешелүү түзүмдөргө абадан сокку урганы кабарланган.
Белгилей кетсек, АКШнын 900гө жакын аскери Сириянын чыгышында “Ислам мамлекетине” (Россия Федерациясында тыюу салынган террордук уюм) каршы күрөшкө көмөктөшөт. CENTCOM командачысы генерал Майкл Курилла АКШ Конгрессинин Конгрессинин Куралдуу Күчтөр боюнча комитетинде ушул аптада Иран колдогон топтор 2021-жылдан бери Сириядагы америкалык аскерлерге кеминде 78 жолу кол салганын айтты.
Булак: NazarNews.kg