www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Украинага аскердик жардамдарды берүү чечими декабрдын ортосунан эрте кабыл алынбайт, процесс кийинки жылга чейин созулуп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды.

Пентагондун өкүлүнүн айтымында, АКШ Украинага курал-жарак жөнөтүүнүн агымын чектеп баштады.

Басылма белгилегендей, бул боюнча Конгресстеги талаш Киевге жардам берүү маселесин келерки жылы кароого алып келиши мүмкүн. Анткен менен Ак үйгө Украина бөлүнгөн ресурстар азайып баратканын эскерткен.

Жума күнү АКШнын президенти Жозеф Байден өкмөттүн январь-февраль айларында ишин камсыз кылуучу эки этаптуу убактылуу каржылоо мыйзамына кол койгон. Бирок анда Украинага жана Израилге жардам берүү үчүн демократтар талап кылган 106 миллиард доллар каралган жок.

Буга чейин Ак үйдүн стратегиялык коммуникация боюнча координатору Жон Кирби АКШ Россиянын атайын операциясы башталгандан бери Украинаны колдоо үчүн бөлгөн бардык каражаттын 96 пайызы түгөнгөнүн айткан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости