www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байден Капитолийдин тепкичинде туруп ант бергенден бир нече саат өтөөр замат, 20-январда, мурдагы президент Доналд Трамптын бир катар саясий демилгелерин жокко чыгарып, иммиграция, климаттын өзгөрүшү жана коронавирус пандемиясы менен күрөшүү маселелери боюнча бир катар жарлыктарга дароо кол койду.

Бул чечимдерге ылайык, АКШ глобалдык климатка байланыштуу Париж келишимине кайра кошулат, Дүйнөлүк саламаттык уюмуна мүчөлүгүн калыбына келтирет, Мексика менен чек арада дубал куруу иштери токтотулат, Кыргызстан, Сирия, Иран, Ливия жана башка ондон ашуун мамлекеттин жарандарына иммиграциялык визага киргизилген чектөө жокко чыгарылат. Калкынын көбү мусулмандар саналган бул мамлекеттердин жарандарына визалык чектөөлөр Трамптын буйругу менен 2017-жылы, эки жылдан кийин Кыргызстан жана дагы беш мамлекетке карата киргизилген.

Дагы башка чечимдери менен АКШнын жаңы президенти Байден коронавирустан сактаныш үчүн Американын федералдык жайларында маска тагынып жүрүү, социалдык обочолонууга милдеттендирди.

78 жаштагы Байден 20-январда түшкө жуук ант берди. Бул жөрөлгө маалында ал XIX кылымга таандык үй-бүлөлүк Библияга колун койду. Ошенип, ал АКШнын президенти катары ант берген жашы эң улгайган саясатчы болуп калды.

Анын вице-президенти Камала Харрис ага чейин бир нече мүнөт мурда ант берди. Харрис айым бул президенттен кийинки жогорку кызматты аркалаган биринчи аял жана ак эмес түстөгү алгачкы мамлекеттик ишмер болуп тарыхта калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости