www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскар Шадиев кускан

Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда мыйзамсыз баюуга айыпталып, кылмыш иши козголуп, суу кечип Кыргызстандан Америкага качып кеткен Аскар Шадиев деген ҮЛКӨН бар эле. 

Качып кеткен соң, 2018-жылы УКМК тарабынан Шадиевдин бир топ мүлктөрү камакка алынган. Сыртынан 10 жылга кесилген. 

Ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 2019-жылы жалпы суммасы 1,852 млрд сомдук Шадиевдин мүлктөрү мамлекеттин эсебине өткөнүн билдирген. Бул тууралуу болгон КТРК баштаган ММКлар элге кайра-кайра жар салган. 

Эми болсо Жогорку Кеңештин жыйынында Аскарбек Шадиевге тийешелүү мүлк, тагыраагы "Ала-Арча" соода борбору мамлекеттин карамагына өтпөгөнү айтылды.

Ошол мүлктөрдүн эң баалуусу, кымбаты дал ушул "Ала Арча" соода борбору болчу. Көрсө, мамлекетке өтпөптүр. Жалганды токуптур. Калп эле элдин көзүн боёшуп, калп айтышып жарнама кылышкан тура. Мына Жээнбековдун бийлигинин жүзү. 

Ошондо, мамлекетке өттү, кустурдук деген кусундуну ким ичип алды болду экен? Жанагы кылтыйып, өлүмүш болуп жүргөн Дамир Сагынбаевди камап, суракка алса сайрап бермек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости