www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксы окуясы боюнча Аскар Акаевди суракка алуу керек

Уландысы

Аксы окуясы боюнча деле мурдагы жомоктору, жок дегенде Бакиевдин «Жалал-Абад курортунда» жаткан жерден аны Карыпкулов чакыртып, Буран, Тайфун операцияларын Аксыга киргизүү протоколуна кол койдурганын жашырбай айтса болмок.

Себеби, Бакиев ошол протоколдогу колу боюнча сыртынан болсо да соттолду. Менин үстүмдөн жасалма арызды, Букеевага үй сатып берип, мамрезиденциядагы үйүнө чейин чакырып, Ысык-Көл мейманкансына жаткырып, мамкатчы О.Ибраимовдун, денгээлинде көзөмөлдөнүп аны Токтогул райондук прокурорлору нары-бери ташып, жүргөнүн айткысы келбейт.

Букееванын Акаевке караганда кичине болсо да уяты бар экен, 2005-жылкы ынкылаптан кийин, болгонун болгондой жазып, Акаев берген үйүн кайра кайтарып берген. Ошол жаңы ачылган жаңы жагдайдын негизинде, кеч болсо да Акаевдин жакындары болушкан Б. Жанузаков, Ч. Абышкаевдер соттолгонун да жашырды.

Кезек өзүндө гана калганын сезер бекен... Акаевдин кечээ айткандарына ынансак «Аксы окуясында кан төктүрүп да болсо Акаевди кетирип, автоматтуу түрдө Украинадагыдай Бакиев өзү президент болгусу келген экен...

Аксылыктарды оппозициянын өкүлдөрү тукуруп жүргөнүн комиссия далилдептир... Ок элдин артынан да атылган экен. Жыйынтыгында Акаев Аксы окуясын толугу менен Бакиевке төңкөрөт... Бул жаны жагдай, Аксы окуясы боюнча Акаевди сурак кылуу керек болот...

Себеби, Аксы окуясы боюнча түзүлгөн Комиссиялардын жыйынтыгында мындай тыянактар жок! (Азимбек Бекназаров. Аксы ыйы-улут кайгыс, 2010-ж.)

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекнзаров

Уландысы бар...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости