www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксы окуясы: Чырдын башы же кыргыз-кытай чeк apacы

Аксы району түштүк жана түштүк-батыш тарабынан болжолдуу 133 км. аралыкта Өзбек Республикасы менен чектешет. Мурда 1991-жылга же СССР таркаганга чейин, Аксы районуна жана Аксы району аркылуу Ала-Бука, Чаткал райондоруна каттоо Өзбекстандын кээ бир райондору аркылуу өтчү. СССРдин таркашы менен Өзбекстан бул жолдорго өздөрүнүн чек ара, бажы постторун орнотуп, Кыргызстан менен болгон чек араларын бир тараптуу аныктап, биздин расмий бийлик менен макулдашпай эле тосмолорду коюп алды. Кээ бир жерлерге тикенектүү зымдарды тартса, көпчүлүк жерге транспорт өтө алгыс кылып траншея каздырышты. Ал эми жолго коюлган посттордо ары-бери каттаган жүргүнчүлөрдү текшерүү күн өткөн сайын катаалданып жатты. Мындай көрүнүш бир эле Аксыда эмес Өзбекстан менен чектеш бүткүл түштүк райондорунда бар эле.

2000-жылдын январь-февраль айларында Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо депутаттыкка талапкерлерге шайлоочулардын берген негизги өтүнүчтөрү да ушул чек арадагы болуп жаткан проблемаларга тиешелүү болчу. Мен Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттыгына талапкер катары №16 Аксы шайлоо округун кыдырып жүрүп, айрым учурларда Өзбекстан койгон посттордо кыргыз жарандарынын укуктары одоно бузулуп жаткандыгына күбө болуп жүрдүм.

Ар жолку шайлоочулар менен жолугушууларымда Өзбекстандын постторундагы алардын бажычылары менен солдаттары элдин автобустагы же жеке менчик автоунааларындагы айрым товарларын түшүрүп, тартып алып жатышканын, документтери жок болсо өздөрүн да түшүрүп каларын, өзгөчө жаш келин-кыздарга орунсуз тийишип, банги заттарды издемиш болуп, коюн-колтуктарына колдорун салышарын айтып, зар какшап жатышты. Өзбекстан бир тараптуу постторун койсо эмне үчүн биздин бийлик унчукпайт? Мындан пайдаланган өзбек бийликтери биздин жерлерди ээлеп алып жатышат», деп бир топ арыз-муңдарын айтышканы эсимде. Айрыкча Кербен, Кашка-Суу, Кош-Дөбө жана Үч-Коргон айыл өкмөттөрүндө жашаган элге кыйын болуп жатыптыр.

Шайлоочулар Өзбекстанда жашаган тамыр-сөөк туугандарына катташа албай калышкан. Алар Өзбекстанга кокустан кирип кеткен малдарын кайра артка кайтарып ала алышпай, Өзбекстан аркылуу бир айылдан бир айылга өткөндө документи жок товарларынан бери тарттырып жиберерин, чек арадагы өзбек солдаттары ачыктан ачык акча алып, анан гана посттон өткөрөрүн айтышып: «Эгерде сен депутат болуп шайлансаң, ушул маселелерди чечүүгө аракет жаса», - дешип өтүнүшөр эле.

Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Торук айылынын айрым тургундары, короо-жайы, алган үлүш жерлери менен Өзбекстанда калышканын, кээ бирлеринин ата-энесинин үйлөрү Өзбекстанда болсо балдары Кыргызстанда калып, бири-бирине кирип чыгышы кыйындап, Өзбекстандын солдаттарына кор болуп жатышканын айтышкан да, көрүп туруп ишенбенге аргам жок болуп турчу. Өзүмдун кесибим юрист болгондуктан Өзбекстандын минтип бир тараптуу эле өз чек арасын орнотуп коюшкандары эч кандай эл аралык эрежеге же мыйзамга туура келбестигин, чек ара иши бул эки тараптуу мамлекеттердин ортосундагы атайын комиссиянын макулдашылган чечиминин негизинде гана чечилерине, чек ара боюнча келишимди эки мамлекеттин башчылары кол коюшуп, Парламенттери аны ратификациялаганда гана чек араларга казыктар кагыларын (демаркациялана рын) түшүндүрүп, эгерде депутат болуп шайланып калсам бул маселени Парламентте көтөрөрүмдү убада берип жүрдүм.

Чындыгында эле биз бала кезден өтүп жүрчү атактуу Үч-Коргон көпүрөсүнүн Өзбекстан тарабынан бир тараптуу бузулушу, Өзбекстандан сатып алып жей турган наныңды да чек арачылардын өткөрбөй тартып алып жатышы, Аксы районунун элинин тынбай соода-сатык кылчу Үч-Коргон, Нанай базарларына элдин кире албай калышы, чек арачылар же бажычылар тарабынан тонолушу кимдин да болсо зээнин кейитпей койчу эмес.

Айрыкча эгемендүү кыргыз бийлиги чек ара маселесинде мажирөөлүктү көрсөтүп, Өзбекстандын бийлиги бир тараптуу жасап жаткан аракеттерин токтотуу же адекваттуу чара көрбөй, мурдагы жолдорду таштап, тоо аралата жаңы айлампа жолдорду сала баштаганы, талаш жерлерди талашуунун ордуна, ал жерлерди таштай качкандыктын белгиси эле. Мындай айлампа жолдорго Кербен - Ала-Бука, Кербен - Үч Коргон, Ноокен районунун Бүргөндү айылында, Жалал-Абад - Ош жолунда Өзгөн аркылуу өткөн жолдор далил боло алат.

Аксы эли колдоп, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болуп шайландым. Менин депутат болуп шайланганыма кубанышкан чек ара тилкелеринде жайгашкан айылдардын тургундары мага кайрылуу жаза башташты. Айрыкча шайлоодо мен тарап болуп жүрүшкөн активисттер жолугушкан жерлерде оозеки жана жазуу түрүндө да кайрылышып, үмүттөнө башташты. Алардын кээ бирлерин мисал келтирейин.

Совет бийлиги Орто Азияда орногон алгачкы жылдары Өзбекстан менен Кыргызстандын биринчи чек арасын аныктаганга катышкан Аксы районунун Кара-Дөбө айылынын тургуну Исламов Абдилла мындай дейт:

«...Орто Азияда Совет бийлиги орноп, Союздук Республикалар түзүлө баштаганда, 1920-жылдардын башында азыркы Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан мамлекеттеринин алгачкы чек аралары аныкталган мезгилде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара тилкелерин аныктаган комиссияда иштегем.

Мен 1906-жылы туулгам. Жашым 17-18дерге келгенде мени Ала-Букадан Кокон шаарына алып барышты. Ал жерден Чангылов Ыманкул деген кыргыз. Ташкенден бир өзбек, бир татар киши бизди 15 күн окутушту. Аларды Москвадан Сталин дайындаган экен. Биздин топтун иши азыркы Шакафтардан Үч-Коргон шаарына чейин кыргыз менен өзбектин ортосундагы чек араны бөлчү экен. 15 күн окуткандан кийин ат, акча, ат араба бөлүп берди. Кыргыз тараптын башчысы Чангылов Ыманкул болду. Биз Шакафтарга келип, 1-Май айылынан жол менен чыгышты көздөй жүрүп олтурдук. Жолдун алды (муштук тарабы) Өзбекстанга, үстү жагы (мундук тарабы) Кыргызстанга таандык болуп жатты. Ошол бойдон Эржуман ашыктын мазарына чейин келдик. Мазардын өзү өзбектерге калды. Хасан-Сай шаарынын үстүнөн өтүп, Кара-Суу арык менен чыгышты көздөй жүрүп, Заркенттин түштүк тарабына чыктык. Ал жерде Заркенттен Наманганга кеткен оң тарапта дөбө бар, (кийин ал жерге дача куруп коюптур) ошол дөбөнүн үстүнө үч ача чек ара белгисин орноттук. Заркенттен Параманды көздөй кеткен жол менен жүрүп олтурдук. Жолдун асты (түштүк) өзбектерге, үстү (түндүк) кыргыздарга калды. Параман кыргыздарга калды.

Парамандан Хазретшаага келдик. Хазретшаанын ичинде мазар бар. Мазар өзбектерге калып, ал жерге да чек ара белгисин орноттук. Андан тушмук чыгышты көздөй жөнөдүк. Көп-Бүкөн, Арык-Багыш, Беш-Тал, Сарай айылдары Кыргызстанга калды.

Сарайдан Дереске (Шор-Булакка) өттүк. Дерестен ашып түшүп Аман палвандын тамынын артынан өтүп, темир жол менен Көк-Коргон аркылуу Үч-Коргон шаарына келдик. Темир жолдун күнчыгыш-түндүк тарабы кыргызда, түштүк-батыш тарабы өзбектерге калды. Ушул сызык менен чек араны тактап, белгилерди орнотуп, картага түшүрүшкөн.

Азыркы Нанай, Мамай, Монол, Ак-Там айылдары, Унгар-Тоо, Бай-Булак Ама толугу менен Кыргызстанга калган.

Кийин согуш жылдары жана кийинки жылдарда Кербенде, Падыша-Атада, Кош-Дөбөдө колхоздун башкармалары болуп иштешкен айрым адамдар эле ал жерлерди Өзбекстанга өткөрүп жиберишкен. Алардын шылтоосу эле, «Натурплатаны», «Земрентаны» төлөй албайбыз, андан көрө өзбектерге берели деп айрым жерлерди документ түзүп арендага берсе, кээ бир жерлерди жөн эле пайдаланууга берип келишкен. Өзбектер дароо эле ал жерге бак тигип, иштетип жүрүп менчик кылып алышты» - деп 96 жаштагы Абдилла авам төшөктө жатып, каңырыгы түтөп айтып берди.

Анан ал мага: «Азимбек балам, сен түрмөдөн чыкканда атайын издеп Кара-Сууга бардым, сен жок экенсин. Оролбек деген Ак-Дөбөдө аваң бар экен, ошонукуна түнөп келе бердим. Кийин Кербенде ооруканада жатсам, сени чогулуш кылып жатат дегенинен барсам, кетип калыпсын. Эми өзүң менин акывалым оор кезде келдиң, көп нерсени унутуп, эстей албай жатам», - деп бир азга эсин жоготту.

Абдилла авамын ден-соолугу начарлап, төшөктө жаткан экен. Дагы бир патриот, элдин, мамлекеттин иши дегенде ичкен ашын жерге коюп, 46 жыл бою Аксы районунун бардык чарбаларында (колхоз, совхоздо механик, агроном ж.б. иштерде) иштеген Акрам аке Жоомартов мындай дейт:

«Азимбек мен Босбуну (Аксы району Босбу тоосун тегерене жайгашкан) үч айланып көп чарбаларда иштедим.1980-жылдары Кош-Дөбө колхозунда иштеп турганымда Хазретшаадан, Кош-Дөбөнүн борборун көздөй кеткен асфальт жолдун четиндөги өзбектердин багы Кыргызстанга таандык экенин далилдеп, Өзбекстандын үйчү районунун өкүлдөрүнө айттым. Торуктан Хазретшаага чейин жолдун үстү Кыргызстанга таандык, багыңарды жулуп кеткиле», - деп айткам. Мени менен кошо райондун башкы жер адиси Касымбеков Соурбек бар болчу. Кийин бул маселени көтөрүп, эч ким артынан түшкөн жок. Кийин билсем чек ара асфальт жол менен эмес, бактын үстүндөгү каналга чыгып кетиптир. Ал жерлердин Өзбекстанга өтүп кетишине колхоздун башчылары, райондун жетекчилери эле күнөөлүү. Мисалы, ошол 1980-жылдары Ульянов колхозуна (Кош-Дөбө айыл өкмөтү) Бургебаев Болот деген Кара-Кулжалык жигит башкарма болуп келди. Ошол Бургебаев эле азыркы Ак-Сайдагы айлампа жолдун кыйла бөлүгүн өзбектерге берип салбадыбы. Кийин Союз таркаганда өзбектер иштетип келишкен жерлерди бербей, чек ара тартып алышты.

Жийде-Белдеги өзбектердин бажы посту турган жерди Арстанбаев Эркин (райондун акими), райондун башкы жер адиси Баймырзаев Мамыт жөн эле кол коюп берип коюшкан.

Азыркы Кош-Дөбеден өткөндөгү боз үйдүн алды жагы бүт бойдон Тельман колхозунун жери болгон. Аны башкармалар «земрента», «натурпламадан» коркуп эле өзбектерге берип коюшкан. Бирок бул шылтоо эле болгон, чынында башкармалар жерлерди тымызын сатып жиберишкен.

Кээде кыргыздар жашаган айылдарын өзбектерге таштап көчүп келе берген учурлар болгон. Мисалы, азыркы Өзбекстанга калган Торук айылынын кыргыздары жогорку жаңы Торукка Ульянов колхозунун башында Мавлянов Темиркул башкарма болуп турганда, анын кассири Аманбаев Тажимырзанын демилгеси менен көчүрүлгөн.

Бай-Булак-Ата булагынын суусун кыргыздар 6 күн, өзбектер 1 күн пайдаланчу эле. Бай-Булак-Атанын жери толук кыргыздыкы болгон.

1956-жылы Өзбекстандын Жаңы-Коргон районунун исполкому Артыков деген Социалисттик Эмгектин Баатыры экен, ал эми Жаңы-Жол (Аксы) районунун исполкому Арстанбаев Асылбек, Кош-Дебе сельсоветинин төрагасы Султанов Жакыптардын ортосунда Бай-Булак-Ата тууралуу сүйлөшүп жүрүп, ошолор кол коюп Өзбекстанга берип коюшкан...

Бай-Булак-Ата боюнча талаш-тартыш совет бийлигине чейин деле болуп келген экен. Ошондой талаштардын бирине илгери Сулайманкул болуштун жигити болгон, жашы 80ден ашкан Алыбаев Берикул деген аксакал атчан келе жатып капыстан катышып капат. Андан эл: «Бай-Булак-Ата кимдики? Сиз калыс болуп айтып бериңизчи?» деп калышат. Анда Берикул ата андан сураган өзбекке: «Булактын аты кандай аталат экен?» - дейт. Өзбек: «Бай Булак-Ата экен», - дейт. Анда Берүкул айтат: Бай-Булак-Ата болсо кыргыздыкы экен, өзбек ата дебейт, өзбектики болгондо Бай-Булак-Дада болот эле», - деп атын бастырып кеткен экен.

Азыр да Өзбекстандын аймагында калган Беш-Тал,Сарай, Саз-Сай, Кара Бак, Чарбак, Көк-Ой ж.б. жерлердин аттары кыргыздыкы экенин далилдеп турат. Жашаган эл да саруунун кыркуул, көлдөй, балыкчы, мачак, күркүрөө, бишкендер, баркы урууларынан болгон кыргыздар.

Эски-Торук (моменки). Райкомол, Арык-Багыш деген жерлерде 1940-жылдары эле кыргыздар жашап, кыргыз мектептери болгонун айтат. Ал тигил Торукта биринчи мектепти ачкан Осмонбек деген жигит согушка кеткенден кийин мектеп жабылып калат. Аны өзбектер убактылуу сурап алышып, ал мектеп азыр Өзбекстанда калды. Мектептин аты азыр деле «Токтогул» атында. Ушундай эле көрүнүштөр өлкөбүздүн түндүк аймагында болгон.

Чүй өрөөнү, Каркыра жайлоосу боюнча түркүн-түркүн легендалар, имиштер айтылат. Мисалы, азыркы Казакстанга карап калган Кордайдын чыгышты көздөй Михайловка айылына, түндүгү Узун-Агачка чейин кыргыздын жери болуп, Керүү өрөөнү деп аталганы жөнүндө эл арасында сөз көп. Айрымдары бул ороонду Жантай кырк байталга сатып жиберген десе, айрымдары Жантайдын тууганы (ага-ини нин балдары) Сооронбай деген адамдын уулу Жообазар деген казактардан жылкы чабам деп барып колго түшүп калганын, (жылкы чабыш көчмөн элдерде баатырлык деп эсептелген) баласын тирүү куткарып калыш үчүн Сооронбай казак бийлерине барса: «Кордайдан Боролдойго чейинки жерди, Кара-Тоону кошо бересиңер, Жантай мөөрү менен бекемдеп берсин, болбосо Жообазар уулундан айрылат», - деген дейт. Аргасы кеткен Сооронбай Жантайга айтат, экөө кеңешип: «Жөн эле Жообазар үчүн жерди бердик десек эл түшүнбөйт, «Жообазар уурдаган 40 байталга саттык дейли», -деп бүтүмгө келип, Жообазар үчүн Керүү өрөөнү казактарга берилгенин эл арасында көбүрөөк айтышат. Ал эми илгерки заманда деле Каркыра жайлоосуна казак бийлери көз артып, бирок Ормон хан Каркыраны жайлап, ар түрлүү айла амалдар менен бербей келгенин сөз кылышат. Мисалы, Ормон ханды жүдөтүп, Каркыраны алып коебуз деп келген 60 казактын бийлеринин арам оюн билген Ормон кабагым-кашым дебей аларды багып, ошол эле учурда улам жигиттерин ат жаңылатып, бир жактан шашылып чаап келгендей түр көрсөтүп, Ормонду казактардан болуп чакырттырып, маанилүү кабар айткандай аракеттерди жасатат.

Муну байкаган казак бийлери Ормондон: «Ээ, ханым, булар кимдер, кайдан келип жатышат», -деп сурашат. Ормон аларга: «»....Көңүл бурбагыла, силердин менде олтурганыңарды кыргыздар угуп, Ормонду Каркырада казактар басып алыптыр дешип, тээ Анжияндык кыргыздардан бери кол курап жатыптыр, ал жактардан келген чабандестерге андай эмес, бул коноктор деп жөнөтүп жатам», - дейт. Ормондун жообуна ишене бербеген казактар чоочулап кетип калышкан экен. Чүй орөөнүндө кыргыздардын жерин сактоодо Ормон менен катар Жайыл баатырдын ролу чоң экени эл арасында көп айтылат. Кечээ эле Акаев тарабынан казактарга берилген Токмок шаарынын тушундагы айлампа жолдун айланасынан 12 га жер, Совет доорунда Чүй дарыясын каналдарга суу буруу үчүн атайын жасалма нукка бургандагы суунун нугу менен берилип калганын да кийинки муун билип жүрүү керек. Чек ара Чүй дарыясы боюнча аныкталган. Бирок бул жерде дарыя жасалма бурулуп, кайра өз нугуна түшкөн. Аны эч ким эске алган эмес. Ал эми Каркыра жайлоосу боюнча кийин өзүнчө фактылар менен чоң сөз болот. Казактардын Абылай ханынын убагында Чүй өрөөнүнүн батыш бөлүгүнөн бир топ жерлер казактарга берилип кеткени ачуу чындык.

2000-жылы жайында Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Торук айылынын 26 адамы кол койгон кайрылуусу келген. Бул кайрылууну мага жеткирип, эллин атынан суранышкан, мен урматтаган ата-бала Масал палван менен анын уулу Гүлжигит инимди эч качан унутпаймын. Масал абам убагында Фергана өрөөнү боюнча далысы жер жыттабаган, Ташкентке чейин далай той, аштарда кыргыздын намысын талашып күрөшүп жүргөн адам экен. Ал киши азыркы Өзбекстан ээлеп алган жерлер кыргыздыкы экенин, согуш мезгилинде, андан кийин деле азыр Өзбекстанда калган Бекабад, Ойсул-Ата, Багыш-Сарай, Кара-Бак, Беш-Талга кош айдашып буудай эгишкенин, ал жерлерди талашып өзбек туугандар менен далай жолу мушташканын, кийин өзүбүздүн колхоздун эле айрым башкармалары Бай-Булак-Атан кошуп сатып жиберишиптир деп, күйүп-бышар эле. Анын уулу Гүлжигит да атасындай намыскөй, өз айылындагы өзү теңдүүлөрдүн лидери болчу. Атанын көрү, шум ажалга айла жок экен. Гүлжигит жаш каза болду. Уулунун кайгысын жеп Масал палван да бир нече айдан кийин анын артынан дүйнөдөн кайтты. Ушул эле айылдын аксакалы Ормон аба 23 үй-бүлө кыргыздар Өзбекстанда калып жатканына ичи ачышып, 2000 жылдан 2007-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президентине, Өкмөтүнө, Парламентке, Аксы округунун депутаты мага бир нече кайрылуу жолдоп, Бишкекке чейин келип жолугуп жүрдү. Дагы бир намыскөй, эли, жери дегенде ичкен ашын жерге таштаган Аксы-Бишкек улуу жүрүшүнүн 60 жаштан улууларынын командири, 74 жаштагы Шайымкул ата ар бир шайлоочулар менен болгон жыйында: «Ээ. Азимбек балам, согуштан кийин мына ушул колум менен таэтиги Унгар тоосунун чокусундагы телемунара турган жерге бир нече тңп жаңгак, алма тиктим эле. Алар азыр мөмө берип жатат. Ошол жерди өзбектер ээлеп алышты. Сен уулум ушуну Акаевге айт. Унгарды бербесин, эгерде Унгар-Тоо кетсе, ата-бабаларыбыздын арбагы бизге ыраазы болбойт», -  деп, талапты катуу койчу. Тилекке каршы, ушундай патриоттук сезим бийлик адамдарына жетишдей келгендиги мени өкүндүрөт. Депутаттык ишке киришерим менен эле Аксы жергесиндеги чек аранын абалы тууралуу, мындай көрүнүш жалпы эле түштүкө жергесинде болуп жатканын, чек ара проблемасына Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзгөчө патриоттук, этияттык менен мамиле кылуусун айтып, Парламентте байма-бай маселе көтөрө баштадым.

Кыргыз-өзбек чек арасынын Аксы району боюнча өткөн чек ара тилкесинин туура эмес чечилип жатканына Апарбаев Сатылган, Туралиев Тажимамат акелердин туруктуу позициялары, кийин кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча жумушчу топко тийгизген таасирлерин белгилебей кетүүгө акым жок. Мыйзам чыгаруу жыйынынын түзүмүн аныктап жатканда чек ара маселелери боюнча өзүнчө комитетти түзүү зарыл экенин, себеби жакынкы жылдары коншу өлкөлөр менен чек араны тактоо жүргүзүлөрүн, ал эми Конституция боюнча бул Жогорку Кеңештин ыйгарым укугуна кирерин депутаттарга түшүндүрдүм. Бирок бул сунушумду комитеттерди түзүү боюнча атайын түзүлгөн комиссия колдогон жок. Чек ара ишин Коопсуздук боюнча комитет тейлей турган болгондуктан мен ушул комитетке мүчө болуп кирдим. 

Ошол кездерде массалык маалымат каражаттарынан Өзбекстан менен Тажикстандын, Өзбекстан менен Казакстандын, Молдова менен Россиянын, Украина менен Россиянын, Россия менен Кытайдын, Япониянын, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда чек ара боюнча талаш-тартыштар болуп жаткандыгы жөнүндө маалыматтар чыгып турчу. Бирок биздин көпчүлүк депутаттар бул маселе жакынкы мезгилдеги курч маселенин бири болорун андап билишпеди.

2000-жылдын жаз айларында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча Аксы районундагы маселелер чечилбегенинен, өзбекстандын постторунан өтүү күндөн-күнгү татаалдана баштаганынан, депутат генерал И.Исаков жетектеген Коопсуздук Комитетинде ушул маселе боюнча атайын өкмөттүк угуу өткөрүү демилгесин Исмаил Исаковичке айттым. Ал дароо макул болду. Бирок бул угуу өкмөттүн ар кандай шылтоосу менен улам-улам кийинкиге калтырылып, акыры 2001-жылдын февраль айындагы комитеттин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча атайын кыргыз комиссиясынын төрагасы С.Аламанов эки мамлекеттин ортосунда сүйлөшүүлөр кандай жүрүп жаткандыгы боюнча билдирүү жасады.

Билдирүү формалдуу, үстүрттөн жасалды. Анын билдирүүсүнө канааттанбаган депутаттар суроо-талаптарды үстөккө-босток бере баштады. Мен С.Аламановго эмне үчүн он жылдан бери Өзбекстан бир тараптуу Кыргызстанга кирип, чек ара тилкесин аныктап, постторун коюп жатса да кылдай чара көрүлбөгөнү, Кыргызстандын комиссиясынын курамында эмне үчүн көбүнесе Бишкек шаарында туулуп өскөн, түштүк региондун чек ара проблемалары менен кабары жок киргиздер» экенин, ал түгүл айрым мүчөлөр кыргыз жерлерин Өзбекстанга убагында сатып жиберишкен эргулдар, экенин, канча жолу сүйлөшүүлөр жүргөнүн дагы бир ирет тактоого аракеттендим. С.Аламанов кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жетишерлик иш жүргүзүлбөй жатканын мойнуна алып, бирок алар эшек такалап, жүрбөгөнүн, ушуга чейин 1000 километрге чукул кыргыз-кытай чек арасы боюнча иш жүргүзүлгөнүн, кыргыз-казак чек арасы да бүткөрүлүп жатканын айтты.

Кыргыз-кытай чек арасы тээ өткөн кылымдарда Орус падышалыгы менен Цинь империясынын ортосунда эле бүтпөдү беле?СССР Россия падышалыгынын мураскери катары бул маселени биротоло токтотконун, ал эми Кыргыз Республикасы өзүн мурдагы СССР менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз ССРи аймагы боюнча өткөн чек ара боюнча эгемендүү мамлекет деп жарыялап БУУга мүчө болуп, Кыргыз Республикасын эгемендүү Мамлекет катары Кытайда 1992-жыл тааныгандыгын, ошондо Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга эч кандай чек ара дооматын койбогондугун айтып, С.Аламановго суроо бердим. Ал кайрадан проблема СССРден калганын, ал проблемалар эгемендүүлүктү алгандан кийин гана чечилип жатканын, кыргыз-кытай чек арасынын мурдагы линиялары өзгөрүлгөнүн, жаңы кыргыз-кытай чек арасы боюнча деморкация иштери быйыл июнь айында башталарын, бул келишимди мурдагы Парламент ратификация кылганын айтты. Ошол замат И.Исаковдон: «Сиз коргоо министринин биринчи орун басары болгонсуз, С. Аламановдун айткандары туурабы», - десем, ал: «Мен билбейт экенмин», - деди.

С.Аламановго кыргыз-кытай чек арасы боюнча документтерди бергилечи, көрөлү», десек, Аламанов: «Силер аны ТИМден сурагыла», - деп жооп берди. Мына ошондон кийин биз комитетте бул маселени атайын Парламенттик угууга алып чыгуу жөнүндө чечим кабыл алып, кыргыз-кытай чек арасы өзгөрүлдүбү, өзгөрүлсө кайсы участоктордо, кандайча өзгөрүлгонун тактоо үчүн керектүү документтерди тийиштүү жерлерден жыйнай баштадык жана чек ара өзгөрүлүп С. Аламанов: «Быйыл июнда демаркация иштери башталат деген Үзөңгү-Кууш участогуна барып келүүнү туура кердүк. Мисалы, Эл аралык маселелер боюнча комитеттин төрагасы А.Абдимомунов аркылуу ТИMгe суроо-талап кат жазганда министр М. Иманалиевден мындай кат алдык.

Азимбек Бекназаров, «Аксы ыйы - Улут кайгысы»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости