www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ломбард ишмердүүлүгүндө эсептелген пайыздар эл чөнтөгүн жыртып бүттү. "Зарылдын пулу күйгөн" убакта анан, эртең эмне болот? - деген суроолорго эмес, ошол учурундагы көйгөйдүн көрүнүшүнө күйпөлөктөп далбас ургандар четтен чыгат? Деги эле сүткорлуктун пайдасына ык алуунун напсиси канткенде тыйылат. Бул багыттагы маселени "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы карады эле. Талкуудагы теманын маанисин түшүндүрүп, Жогорку Кеңешке №16-Ноокен шайлоо округунан депутат Бактыбек Сыдыков бүгүн, 16-мартта "Парламент" радиосунда болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Кайсы гана финансылык мекеме пайызга каражат берип жаткан соң, бул көрүнүш Улуттук банк тарабынан көзөмөлгө алынышы керек. Улуттук банктын жылдык пайыз менен алганда насыяларга белгилеген үстөгү 20%дан ашпайт. Ал эми микрокредиттөө компаниялары, ломбард пункттары берген каржылык колдоолордун үстөгү бир топ эле жогору. Сүткорлуктан арылууда мындай пайыздык пайдаларды теске салбаса, элге эле оор болууда, - дейт депутат.

Азыркы тапта 390дон ашык ломбард түйүндөрү иштейт. Ал эми алардын ишмердигин көзөмөлдөгөн болгону 54 гана адис бар. Бул иштин натыйжалуулугун камсыздай албайт, - деп кошумчалады эл өкүлү. Ошондой эле, Б.Сыдыков ар бир банкта ломбард иштери боюнча бөлүмдөрдүн иш алып барганын туура, - деп эсептейт.

Ломбарддарды жабуу туура эмес. Болгону анын ишине болгон көзөмөлдүк гана керек, - деген парламентарий, күрөөгө коюлган мүлк боюнча талаш-тартыштар бир тараптуу чечилбей, соттордун кийлигишүүсү менен таразаланышы керек, - деген ченемди калыстык болмок, - деп кошумчалады. Андан тышкары, ломбард ачуу үчүн талап кылынган уставдык капиталдын суммасы  500 миң сом гана болсо, ал эми банк ачууга зарыл болгон каражат эсеби 600 млн. сомдон кем болбошу керектиги белгиленгендигин айтты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости