www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда райондук сот үчүн жаңы административдик имараттын курулушу башталды. Анын пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи өткөрүлдү.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпар Сабырова, Аксы райондук сотунун төрагасы Азат Доулбеков, Аксы районунун акими Азамат Намазалиев, Кербен шаарынын мэри Жаныш Раимжанов, ошондой эле мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын жетекчилери, судьялар, сот тутумунун кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев сот системасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо сот реформасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Анын айтымында, акыркы жылдары өлкөнүн аймактарында жаңы сот имараттарын куруу жана учурдагы имараттарды заманбап талаптарга ылайык жаңылоо боюнча иштер жүргүзүлүп келет.

Бул аракеттер сот адилеттигинин сапатын жогорулатууга, судьялар жана сот аппаратынын кызматкерлери үчүн татыктуу эмгек шарттарын түзүүгө, ошондой эле жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

Медербек Сатыев жаңы имарат Аксы райондук сотунун ишин заманбап шартта уюштурууга мүмкүнчүлүк түзүп, сот процесстерин өткөрүү жана жарандарды кабыл алуу үчүн зарыл шарттарды камсыздай турганын айтты.

Ошондой эле ал сот имараты жөн гана административдик объект эмес, мыйзамдын үстөмдүгүн, адилеттүүлүктү жана адам укуктарын коргоону камсыз кылган мамлекеттик институттун символу экенин белгиледи.

Өз кезегинде Аксы районунун акими Азамат Намазалиев жаңы сот имаратынын курулушу аймакта мыйзамдуулукту бекемдөөгө жана жарандар үчүн сапаттуу сот адилеттигин камсыз кылууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Иш-чаранын соңунда Медербек Сатыев, Азамат Намазалиев жана башка катышуучулар жаңы административдик имараттын пайдубалына мезгил кутусун салышты.

Жаңы имарат Аксы райондук сотунун толук кандуу иш алып баруусу үчүн бардык зарыл шарттарды камтыйт.

Учурда сотто 3 судья, сот аппаратынын 10 кызматкери, 6 кенже тейлөөчү персонал жана 6 сот приставы эмгектенет.

Последние новости