www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Аксы районундагы кооптуу тилкелерди кыдырды. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.
Министр Ак-Жол жана Кара-Камыш айыл аймактарындагы сел коркунучу бар тилкелер менен таанышып, жергиликтүү бийлик органдарына сунуш киргизүү үчүн тиешелүү долбоордук документацияны даярдоону тапшырды.
Ошондой эле Чыныбаев Кара-Суу дарыясынын жээгин бекемдөө иштерин көрүп , жарандардын коопсуздугу ар дайым артыкчылыктуу болушу керек экенин белгиледи.
Мындан тышкары, ал Сары-Челек жана Кара-Камыш аймактарындагы жер көчкү коркунучун азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди жеринен көрдү. Азыркы учурда мүмкүн болуучу коркунучтарды жоюу үчүн механикалык тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
"Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоордун алкагында аталган айыл аймагындагы 44 турак жайга болгон коркунуч толугу менен жоюлат", - деп белгилеш