www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аксы районунда мектеп курууда 7 млн сом уурдалганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аксы районунун прокуратурасы тарабынан мектептин курулушунда 7 млн 198 миң 990 сом каражатты ыйгарып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Текшерүүдө Сары-Челек айыл аймагындагы №18 Э.Арстанбаев атындагы орто мектептин имаратын куруу иштеринде “МК С.” ЖЧКсы сметада каралган иштерди толук аткарбай, жасалма актылар аркылуу каражаттарды мыйзамсыз өздөштүргөнү аныкталды. Ал эми, тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары курулуштун толук бүткөн-бүтпөгөндүгүн текшербестен акчаны которуп, объектти пайдаланууга кабыл алышкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси («Ишенип берилген өзгөчө ири өлчөмдө акча каражаттарын ыйгарып алуу же коротуу») менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери Аксы районунун ИИБнө тапшырылды.
Учурда зыяндын ордун толтуруу жана күнөөлүү адамдарды аныктоо боюнча иштер улантылууда.