www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн социалдык тармактарда кичинекей наристелерди аялдардын уруп-сабап жаткан видеосу тараган. Социалдык тармактардын колдонуучулары окуя болгон жердин дарегин көрсөтүшүп, укук коргоо органдары чара көрүүсү керектигин жазышкан.
Ушундан кийин Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева дароо соцтармактар аркылуу төмөнкүдөй реакция кылды.
«Бала бакчада баланы жазалап жаткан, “тарбиячы” деп айтканга ооз барбаган акмактын балага жасаган зомбулугун көрүп, ата энелерден кечирим сурайм!!!Учурда бул иш укук коргоо органдары, сот, прокуратура тарабынан каралып жаткандыгын билдирем. Балага зомбулук жасаган “тарбиячы” мыйзам чегинде жазаланышын талап кылам! Ал эми ошол тарбиячынын кандай экенин билбей иштеткен жана мекемеде наристеге зордук көрсөтүүгө орун бергени үчүн бала бакчанын башчысы да кызматтан кетет!
Урматтуу ата энелер, Сиздер да бизге жардам бергиле, эгерде наристелер мекемелеринде болуп жаткан зомбулук окуялары болсо, түз билдиргиле! Эч ким, эч качан наристелерге, балдарга зомбулук жасабашы керек!!! Наристеге зомбулук жасагандар ким болбосун катуу жаза алышы керек!
Биз ар бир наристелер менен иштеген адистердин атайын медициналык текшерүү уюштурабыз жана максаттуу иштерди жүргүзөбүз!