www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Активист Бермет Бөрүбаева милицияга жеткирилди

Активист жана «Бишкек СМОГ» демилгесинин негиздөөчүсү Бермет Бөрүбаева милицияга жеткирилди. Бул тууралуу 24.kg жазды.

Бермет Бөрүбаева Октябрь администрациясынын имаратында троллейбустарды борбордо калтыруу керек деп кыйкырып жатканы үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген. Окуя Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары троллейбустарды Ошко өткөрүү боюнча добуш бергенден кийин орун алган.

Буга чейин активист шаар үчүн троллейбустарды сатып алууга алынган ири насыя кайтарылбай калганын, эгер алар түштүк борборго которулса, бишкектиктер карызды төлөй берерин билдирген.

Эскерте кетсек, Бишкек депутаттарынын жыйыны Октябрь райондук администрациясынын имаратында өтүп, анда 100 троллейбусту Ошко өткөрүү чечими кабыл алынган.

Последние новости