www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камактагы активист Тилекмат Кудайберген уулу бүгүн, 17-сентябрда абактан бошотулду. Бул тууралуу анын тарапташтары кабарлады.
Эске сала кетсек, Садыр Жапаровдун саясатын сындап келген Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) Фейсбуктагы баракчасы аркылуу бийликти кулатууга чакырык жасаган деген негизде быйыл 15-мартта Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган.
2021-жылдын 20-августунда Бишкектин Свердлов райондук соту жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулун күнөөлүү деп таап, 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Жазык кодексинин 310-беренесинин («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») 2-бөлүмүнүн 1-пункту, 192-беренесинин («Шайлоочуларды сатып алуу») 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп тапкан. Сот залынан камакка алынган активист өзүнө тагылган айыпты моюнуна албай турганын билдирген.
Активист «Жетим-Тоону коргоо» кыймылын жетектеп, «Ханституцияга каршы» тобуна мүчө болгон. 11-июлда Бишкек шаардык кеңешине өткөн кайра шайлоодо «Туран» партиясын жетектеп чыккан.
Булак: NazarNews.kg