www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Айжана Мырсан деген ат менен белгилүү жарандык активист Айжан Мырсалиевага карата "Улут аралык кастыкты козутуу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.

Милициянын маалыматына ылайык, интернеттеги мониторингдин алкагында быйыл 16-мартта Тик-Ток социалдык тармагындагы @rinat_usupbaev деген аккаунтта Айжан Мырсалиеванын видеосу жарыяланган. Анын сөзүндө улут аралык кастыкты козутуу болгон жана видео социалдык тармактарга кызуу талкууга алынып, чыр-чатакка алып келиши мүмкүн экени айтылат.

Учурда факт Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) менен катталып, тергөө жүрүп жатат. 23-июлда Айжан Мырсалиева жактоочусунун коштоосунда тергөө кызматына келип, ага байланыштуу иш-аракеттерге катышып кеткен.

Айжан Мырсалиева милицияда сурак берип чыкканын тастыктап, тергөөнүн купуялыгына кол коюп бергенин билдирди. Ал кылмыш ишинин козголушун буюрутма деп атады.

Социалдык тармактарда Айжана Мырсан деген ат менен белгилүү жарандык активист Айжан Мырсалиева Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындап келет.

Последние новости