www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыдамкайлык менен ийгиликтин ачкычы бир-бирине дал келет. Дал ушул экөө бүгүнкү каарманыма керектүү курал болуп келгенин маегинен жашыра албады. Себеби ийгиликти жарата албаган кесипкөй өздүгүн жоготот эмеспи.

Профессионал нейрохирург скальпель менен мээни чырпып өткөнүн даана кезгендей, профессионал актёр же актриса дагы каарманынын жан-дүйнөсүн чырпып өтөт.

Актриса Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында Т. Абдумомунов “Машырбек үйлөнөт”

- Шекенай,  Ж. Садыков “Өлүп тирилгендер”

- Сулуу кыз, Саид Ахмат “Күйөө бала”

- Келин, М. Мамазаирова “Аппак аял айдай кыз”

- Жамал, “Кечиктим”

- Калыйман, Ч.Калыбекова “Үмүт”

- Үмүт жана башка ролдорду ойноп келген, актриса Жаңыл Манапбаева менен баарлаштык.

- Кесип сизди тандадыбы же сиз кесиптиби?

- Албетте, кесипти мен тандадым. Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Спасовка айылында төрөлгөм. Балалыктан өткөн бактылуу күн болбосо керек. Бала кезде эле азыркы кезимди элестетет болчумун. Ал мезгилде окуучулар ортосунда ар кандай багыттар боюнча ийримдер боло турган. Балалыктын асманында актриса болууну дегдеп, адабият ийримине катышканым да ошондон болсо керек.

Район, областка чейин мектептер арасында конкурстарга катышып, монолог айтып барчубуз. Кээде мектеп жылдардан баштап, актрисалык жолго тажрыйба топтой бергенминби деп ойлоп кетем. Ошол мезгилдин түшүнүгү болгондур, ата-энелерибиз артист дегенди жаман көрчү. Менин ата-энем дагы каршы чыгышып, мектепти жакшы аяктаганым үчүн, доктур же юрист болуумду каалашкан. Болбой эле, ушул кесипти тандап алдым.

- Ак чардак деңизинен айрылбайт дегендей, театрга кайтып келгениңизге эмне себеп болду?

- “Мезгилди тандай албайсың, ошол мезгилде жашай билишиң керек” деген бир ойчулдун сөзү бар. Эки кооздук бир келбейт экен. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу, бизнес менен алпурушуп кеттим. Убакытты учкан куштай кабыл алуу керек, жазды жаздай, кышты кыштай дегендей. Тээ бала чагымда койгон максатым актриса болуу эле, ошол балалык көксөөм баарибир көөдөнүмдө жашап жүрдү. Көрсө, театр-жашоомдун маңызы экенин түшүндүм.

Кесибимди түп тамыры менен алмаштырам деген канчалаган залкарлар театрга кайрылып келбеди дейсиң. Театр сахнасында өзүнө тартып турчу касиет бар. Талант таштыда жарып чыгат дешет го, тандыр жыттанган нанды сагынган сымал, театрыма кайтып келдим.

- Ар бир актёрдун алгачкы ролу эстен кетпейт экен...

- Театралдык окуу жайды аяктагам. Билимиди жогорулатуу үчүн Ташкенттеги театралдык институтту сырттан окуп бүтүргөм. Алгачкы ролум Жалил Садыковдун “Эр Төштүк” спектаклинде Кенжекенин ролун аткаргам. Биринчи жолу гезитке маегим менен бажырайтып сүрөтүм кошо чыкканда, аябай толкунданып сүйүнгөм, биринчи маегим деп сактап койгом.

- Актрисанын кыялындагы ролу болот эмеспи…

- Кыялымдагы ролдорум көп болгон. Драмалык, лирикалык амплуадагы актриса катары эсептейби, режиссёрлор дагы ошол ролдордон көрүп келишкен. 30дан өткөн соң комедиялык жанрдагы ролдорду аткарып калганыма өзүм дагы таң калар элем.

- Бул кесипти тандоодо аялзаты үчүн ɵтɵ кыйын дешет…

- Аялзаты үчүн оор экени кайсы учурда?! Албетте, кесибин түшүнбөгөн жолдошу, кайын журту барларга. Кудайыма миң мертебе шүгүр кесибимди түшүнгөн кайын журтка ыраазымын. Кесибимди колдогон жолдошум Эркинбек, балдарым Элдияр, Элмар бар, мен бактылуумун.

- «Чɵйрɵгɵ жарык бериш үчүн ɵзүӊ от болуп күйүшүӊ керек» деген накыл кеп бар. Кайсы залкарлар менен иштешип калдыңыз…

- Залкарлар дегенде кыргыздын корифейлери, уникалдуу инсандары тасмадай чууруп көз алдыма тартылат. Биздин театрда КР эл артисттери: Болот Бейшеналиев, Бакирдин Алиев, Назира Мамбетова ага-эжелерибиз менен чогуу иштешип калдык. 

- Арттагы ийгиликтерди кɵрбɵй туруп, алдыга кадам жасай албайт экенбиз…

- 50гө жакындап калганда, артка кылчайбай койбойсуң. Себеби, бул курак “аттиң” деп ката кетиргенден көрө, “балким” деп кадам таштаган курагың экен. Согушту мен издебедим, согуш мени таап алат деп Чыңгызхан айткандай, ишкер айым болуп кетсем дагы, сахна мени кучагына чакырып алды.

Ушул театр ачылыш тарыхынан баштап 25 жыл аралыкта аздыр-көптүр эмгектенип келген экем. Залкарларыбыз театрдын тузу оор деп айтып калышат. Буюрса, алдыда далай ашуулар бар. Аманчылык болсо, элге тартуулай турган каармандарым бар.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости