www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын полициясы белгилүү киноактёр Ален Делондун үйүнөн катталбаган 72 ок атуучу курал тапты.

Актёрдун ал курал-жарактарга тиешелүү документтери жана аларды алып жүрүүгө уруксаты болгон эмес.

Мындан тышкары актёрдун Париж шаарынын жака белиндеги үйүнөн 3 миңден ашык ок-дары жана жеке ок атуу жайы (тир) табылган.

Тинтүү иштери сот тарабынан дайындалган аткаминер Делондун үйүнө барып, ал жерде турган тапанчаны байкап калгандан кийин башталган. Тинтүү маалында табылган бардык курал-жарактар менен ок-дарылар конфискацияланды.

88 жаштагы Ален Делон француз киносунун ХХ кылымдагы эң популярдуу актёрлорунун бири. Ал 2019-жылы инсульт болуп, саламаттыгы толук калыбына келе элек. Актёр акыркы жолу эл алдына 2021-жылы, кесиптеши жана досу Жан-Поль-Бельмандонун тажыясына барганда чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости