www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сууга чөгүп кеткен 3-класстын окуучусу Атайдын апасы  Асел Азыкова баласынын өлүмүнө тиешеси барлардын баарын кечирди. Бул тууралуу ал журналисттерге өзү билдирди.

"Микроинсульт алган күнү мен эч кимди сотко бербейм деп чечтим. Ошондо мен бир жыл бою тирүү (экинчи) уулумду кучактап көрө албай кыйналганымды баары билишчү", - деди аял.

Анын айтымында, күйөөсү менен ажырашып, ал экинчи уулун алып кеткен. Ал баланы көрүүгө уруксат бербей келет.

"Дайыма баламды сагынып, башка балдар атасын кантип сагынарын, же ата-энелери камалса балдары кандай күтүшөөрүн элестете берчүмүн. Атай бүгүн жок, соттон жеңсем да аны кайтарып алууга болбойт", - дейт Асел Азыкова.

Ал уулу үчүн баарын кечиргенин белгиледи.

"Аквапарктын жетекчилиги келип, куран окутушту. Эч кандай чатак болгон жок. Алар дуба менен келишти, мен кабыл алдым. Бирок директорду (ред. мектептин) түшүнө албадым. Маршруттук таксилерге түшкөн балдарды кантип байкабады. Койлор короодо жүргөндө да карайсың, санайсың. Кандай болгон күндө да мен баарын кечирдим, анын ичинде директор дагы”, - дейт Асел Азыкова.

 

Последние новости