www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда "Ала-Тоо" аквапаркындагы окуучусунун өлүмү боюнча класс жетекчиси кармалганы тууралуу маалымат тараган.

Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат жана азырынча эч ким кармала элек.

Эске салсак, 6-июнь күнү "Ала-Тоо" аквапаркында №95 мектеп-гимназиясынын жетекчилиги ата-энелери менен биргеликте мектеп окуучуларына эс алуу уюштуруп, анда 3-класстын окуучусу бассейнге чөгүп, каза болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 127 (Байкабастыктан адам өлүмүнө алып келүү) жана 297 (Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу) беренелери боюнча кылмыш иштери козголуп, медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости