www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы (омбудсмен) Жамиля Жаманбаева менен Азия-Тынч океан форумунун мыйзамдар жана саясат маселелери боюнча директору Кирэн Фитцпатрик видео конференция форматында байланышты.

Тараптар Кыргызстандагы адам укуктарын илгерилетүүнү талкуулашты жана эл аралык кызматташтыкты координацилоо жолу менен улуттук укук коргоо институтун өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жөнүндө пикир алышты.

Ошондой эле эки тарап адам укуктарын коргоо боюнча кызматташтыкты күчтөндүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Жамиля Жаманбаева Акыйкатчы институту Азия-Тынч океан форумуна мүчө катары өзүнүн ишмердигин активдештирүүгө болгон күч-аракетин жумшап жатканын белгилеп өттү.

“Айрыкча өз ара аракеттенишүү маселелеринде жана адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы эң мыкты эл аралык тажрыйба алмашууда Акыйкатчы институту өзүнүн алдына дымактуу милдеттерди коюп жатат жана Борбор Азияда адам укуктары менен эркиндиктеринин баалуулуктарын жогорулатуу жаатында локомотив болгонго баардык чараларды көрүүдө. Албетте, бул максатка жетиш үчүн кызматташуу өзгөчө мааниге ээ”, - деди акыйкатчы.

Жамиля Жаманбаева Акыйкатчы жөнүндө конституциялык мыйзам долбоорун эксперттик талдоо кылганы үчүн аталган уюмга ыраазчылык билдирди.

“Акыйкатчы жөнүндө конституциялык мыйзам долбоору депутаттар менен биргеликте иштелип чыккан жана Жогорку Кеңештин алты фракциясынын лидерлери тарабынан демилгеленген. Бүгүнкү күндө документ коомдук талкууга коюлду. Аны менен бир катарда эле документтин адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык талаптарга шайкеш келиши, анын ичинде Париж принциптерине ылайык келүүсү боюнча эксперттик бүтүмдөрдү алыш үчүн эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, - деп белгилеп өттү акыйкатчы.

Башкы укук коргоочу Акыйкатчы жөнүндө конституциялык мыйзамды кабыл алуу институттун А макамын алуу процедурасынан өтүүгө мүмкүндүк берээрин кошумчалады.

“Документ Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институнун "А" макамын алыш үчүн Улуттук укук коргоо мекемелеринин глобалдык альясынын аккредитациясынан өтүү боюнча комитетине мекемени кайрадан аккредитациядан өткөрүү боюнча билдирме берүүгө негиз болмокчу”, - деди акыйкатчы.

Кирэн Фитцпатрик аталган уюм мыйзам долбооруна жеке өзүнүн талдоосун жүргүзгөнүн жана долбоор Париж принциптерине ылайык келерин баса белгиледи.

“Жалпысынан мыйзам долбоорунда адам укуктарын коргоо жаатында Акыйкатчы институтуна көбүрөөк ыйгарым укуктарды бере турган нормалар каралган.Биз Кыргызстандын улуттук укук коргоо институтун А макамын алыш үчүн аккредитациядан өтүүгө мүмкүндүк бере турган Акыйкатчы жөнүндө мыйзамды кабыл алуусун ар дайым колдойбуз”, - деп айтты Кирэн Фитцпатрик.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости