www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атыр Абдрахматова КР Акыйкатчысы кызматына келген сааттан тартып, аппаратта адам чыдагыс моралдык-психологиялык кырдаал түзүлдү.

Биринчи күндөн баштап, эӊ мыкты кызматкерлердин жумуштан бошонуп кетүүлөрү улантылып келүүдө. Акыйкатчы А.Абдрахматова кызматка дайындалган учурдан тартып эмгек тартибин жана жалпы иш процессин бузуп, кечки саат 16:00-18:00гө чамаларында жумушка келип, жумуш убактысынын аяктагандыгына карабастан өзүнө ылайык тапшырмаларды, көрсөтмөлөрдү берип, алардын токтоосуз аткарылышын талап кыла баштайт.

Эгерде кызматкер анын туура эмес иш-аракеттерине же ишке байланыштуу тапшырмаларга өз позициясын жөн гана билдирсе, ал “субординацияны” сактабагандык деп ар кимден түшүнүк кат талап кылып мыйзамсыз буйруктарды чыгарып келет. Ошол эле учурда туура эмес чыгарылган бир нече буйруктар кайрадан жокко чыгарылган учурлар да аз эмес.

КР «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 13-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн “жетекчилер, кесиптештер жана жарандар тарабынан анын жеке кадыр-баркын сыйлоого, өзүнө карата адилеттүү жана сый-урматтуу мамилеге татыктуу” – деген ченем мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү экендигин эске албай келет. Ал аппараттын кызматкерлерин ыкчам иликтөө сыяктуу милиция кызматкерлерине, ошондой эле соттор чыгарган чечимдерге каршы иштөөгө түрткү берет. Көпчүлүк учурларда кесиптештерибиз жумушсуз калуудан коркуп, ачык ой-пикирин айта албай келишет.

А. Абдрахматова эӊ биринчиден өз кызматкерлеринин укуктарын коргоонун ордуна, алардын укуктарын тебелеп, өзүнө окшогон пиар жасаган жарандардын жана кээ бир саясатчылардын укуктарын коргоп келет.

Эске сала кетсек, кечээ, 8-декабрда Акыйкатчы институтунун жалпы жамааты бийликке атайын кайрылуу жасаган. Кайрылууда, Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын алдында берген Антын жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 109-беренесинин бузгандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотуу маселесин тез арада карап чыгууну суранышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости