www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун аскер кызматкерлердин жана жоокерлердин коопсуздугун камсыздоо, уставдан тышкары мамилелердин жана өлүмгө жеткирген учурлардын алдын алуу боюнча сунуштары аткарылууда.
Белгилей кетсек, Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева буга чейин бир нече жолу мыйзамдардын жана эл аралык укуктук нормалардын негизинде ар бир аскер кызматкери жана жоокер мамлекеттин камкордугунда болушу зарыл экенин белгилеп, тийиштүү органдарды бул жааттагы чараларды күчөтүүгө чакырган.
2025-жылы аскер бөлүктөрүндө катталган уставдан сырткары мамиле, жоокердин өлүмүнө алып келген окуялардан улам Акыйкатчы Институту Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бир катар сунуштарды жөнөткөн.
Анда жоокерлердин моралдык-психологиялык абалын баалоо, аскердеги шарттарды жакшыртуу, уставдан сырткары учурлардын алдын алуу учүн купуялуулук (ишеним телефон, ишеним кутучасы, анкетирование), коопсуздук чараларын жана тартипти күчөтүү, командалык курамдын квалификациясын жогорулатуу сунушталган.
Акыйкатчы Институнун кызматкерлери 2026-жылдын 13-14-апрель күндөрү Чүй облусундагы эки аскер бөлүгүнө: ЖАМКнын Кайтаруу жана конвой департаментине №3 батальонуна жана ӨКМнын №86 123 аскер бөлүгүнө мониторинг жүргүздү.
Анда Акыйкатчы Институтунун буга чейин берген сунуштарынын аткарылышы жеринен текшерилди.
Аталган аскер бөлүктөрүндө психологиялык колдоо күчөтүлүп, атайын психологиялык тестирлөө ыкмалары колдонууга киргизилген. Психологдор аскердик кызматка көнүүдө кыйналган жаш жоокерлер менен жекече иш алып барууда.
ЖАМК аскер кызматкерлерин күжүрмөн кызмат учурда көкүрөк видео камера менен камсыздады. Алардын коопсуздугу үчүн мекеме 450 данаа көкүрөк камера сатып алып, тийиштүү батальон, роталарга тараткан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Акыйкатчы Институтуна берген жообунда уставдык талаптарды бузгандарга карата чаралар катаалдашканын маалымдаган.
2025-жылы ӨКМнын аскер бөлүктөрүндөгү окуялардан кийин 3 аскер кызматкерине сөгүш жарыяланып, 2 кызматкерге эскертүү берилген. Ошондой эле 1 кызматкер мөөнөтүнөн мурда кызмат ордунан бошотулуп, дагы 1 кызматкер ээлеген кызмат ордунан төмөндөтүлгөн.
Ошону менен катар, ӨКМге тиешелүү аскердик бөлүктөрүнө, казармалык жана кароолдук жайларына жалпысынан 113 видео байкоо аппараты (үн жазуу функциясы менен) орнотулган.
Мониторинг учурунда Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери 50дөн ашуун аскер кызматкери менен жекече баарлашып, алардын укуктары бузулган учурда кайда жана кандай тартипте кайрылуу керектигин түшүндүрүштү.
Акыйкатчы Институту армияда кызмат өтөп жаткан жарандардын укуктарынын толук сакталышына өзгөчө көңүл буруп, көз салууну улантат.
2025-жылы институт бир катар аскер комиссиараттарында жана бөлүктөрдө, Коргоо министрлигинин аскер госпиталына мониторинг жүргүзгөн.