www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Кыргыз улуттук университети жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окуудан чыгарылат делген студенттеринин укуктарын коргоо үчүн Башкы прокуратурага кайрылды.

Маселе Орусиянын Сибирь федералдык университетинен которулган студенттерге байланыштуу жаралган. Айрым студенттер документтери талапка жооп бербейт деген негизде окуудан чыгарылып, дипломдук ишин коргоого жана мамлекеттик аттестацияга киргизилбей калганын билдиришкен.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги текшерүүдө айрым студенттер боюнча маалыматтар системада жок экенин айткан. Учурда бул ишти УКМК териштирүүдө.

Акыйкатчы министрликти чет өлкөдөн которулган студенттердин документтерин кабыл алууда текшерүүнү күчөтүүгө чакырды. КТУнун жетекчилиги студенттердин арыздары 17-августка чейин каралып, маселени чечүү жолдору караларын билдирген.

Последние новости