www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын жаза өтөө жайларында кыргызстандын 46 жараны бар. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев менен жолугуушусунда билдирди.

Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Жамиля Жаманбаева адам укугу боюнча Ташкентте өткөн эл аралык жыйынга катышты.

Расмий маалыматтарга караганда Өзбекстандын аймагында 37 кыргызстандык жаран эмгектенип, 300 миңден ашык этникалык кыргыз жашайт.

Акыйкатчы жана өзбек мажлисинин адам укуктары боюнча ыйгарым өкүлү Феруза Эшматова эки өлкө арасындагы кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости