www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы институту 29 жаштагы аялдын майып болушуна күнөөлүү болгон медицина кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууну Саламаттыкты сактоо министриненталап кылды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Акыйкатчынын атына Т. Р. аттуу жаран кызынын укуктары дарыгерлер тарабынан бузулгандыгын белгилеп, арыз менен кайрылган.

Арызда 1993-жылы туулган Т.кызы З. 2020-жылдын 22-июнунда Бишкек шаардык №4 перинаталдык борборунда кан басымы жогорулап кайрылган. Ошол күнү нөөмөттө турган дарыгерлер көңүл кош мамиле жасап, бейтапка төрөт чакыруучу дарыларды ичирген.

Анын натыйжасында жабырлануучунун абалы оорлошуп ымыркайды ара төрөп, өзү реанимацияга түшүп калган.

Кыздын атасы Райымбековдун айтуусунда дарыгерлер өз жоопкерчилигинен кутулуу максатында операция жолу менен төрөтүп, кызынын өнөкөт оорулары козголду деп туура эмес маалымат беришкен. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин дээрлик 2 жылдан ашык убакыттан бери абалы оор бойдон калууда.

Азыркы убакта кызы сүйлөбөйт, баса албайт, өзү тамак иче албайт. Болгон каражатына дарыларды алып, азыркы убакта батирде жашап, кызын багууда.

Арыз ээси бул маселе боюнча Саламаттык сактоо министрлигине кайрылган, бирок алардын берген жообуна канаатанган эмес.   

Акыйкатчы Саламаттык сактоо министрине бул иш боюнча объективдүү карап, жарандын майып болуу себебин аныктап, ага жооптууларды жоопкерчиликке тартуу менен, жабыркаган айымдын реабилитация ишин камсыз кылуусун талап кылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости