www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлүнө К.Г. аттуу улгайган аял кайрылып, 14 жана 15 жаштагы неберелеринин мураска болгон укугун коргоп берүүнү өтүнгөн.
Аял өз арызында анын уулу А.М. менен келини О.Ж. алты жыл бирге жашап, эки балалуу болгондон кийин ажырашып кетишкенин кабарлаган. Балдар атасы менен калып, чоң энеси чоңойткон.
Тогуз жыл мурун балдардын атасы, 2024-жылы апасы каза болуп калган. Нарын шаардык сотунун чечими менен чоң энеси балдардын мыйзамдуу өкүлү болгон.
Социалдык кызматкерлер аялга маркум келинин наамында айыл-чарба багытында жер тилкеси катталганын айтышкан. Бул тууралуу уккан соң, чоң эне жер тилкесин мыйзамдуу укук мураскерлери катары неберелеринин атына каттоону чечкен. Бирок келининин туугандары жер тилкесин талашып, керектүү документтерди бербей, ар кандай тоскоолдуктарды жаратышкан.
Институттун кызматкерлери арыз ээсине укуктук кеңеш берип, сотко кайрылуу тартибин түшүндүрүшкөн.
Белгилей кетсек, Жарандык кодекстин 1142-беренесине ылайык, мыйзам боюнча биринчи кезектеги мураскерлер болуп балдары, жубайы (жолдошу/аялы) жана ата-энеси саналат.
Мыйзамда белгиленгендей, мүлккө болгон укук мураскерлердин ортосунда өздөрүнө тиешелүү үлүштөргө ылайык макулдашуу аркылуу бөлүштүрүлөт, эки тарап келишпей калган учурда сот аркылуу чечилет.
Акыйкатчы Институту Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматына кайрылып, аялга акысыз мамлекеттик адвокат алууга көмөк көрсөтүшкөн.
Ошондой эле, Жер ресурстары, кадастр жана геодезия боюнча мамлекеттик агенттиктин Нарындагы филиалына кат жолдогон. Агенттик Акыйкатчы Институтуна өспүрүмдөрдүн энесинин атына 58 сотых аянттагы үлүш жер катталганын тастыктаган.
Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлү улгайган аялга керектүү документтерди чогултууга жардам берип, арыз ээси сотко кайрылган.
Андан кийин гана мурасты талашып жаткан тарап тынчтык келишимине барган.
Натыйжада жашы жете элек балдар мураска укук тууралуу күбөлүк алышып, жер үлүшү алардын атына катталды.