www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Руслан Казакбаев менен кандайча кесиптеш экенин акыйкатчы Токон Мамытов NazarNews.kg маалымат агенттигине айтып берди. 

Көрсө, Мамытов ЖК депутаты Руслан Казакбаевди Тышкы иштер министрлигинин кадры катары маалымат менен иштегендигин эске алып гана кайрылган. Андыктан "бөйрөктөн шыйрак" чыгарып жиберишкендерге түшүнбөй жатканын баса белгиледи КР Акыйкатчысы Токон Мамытов. 

--СССР учурунда КГБда иштегендер “журналисттер, дипломаттар, анан КГБнын кызматкерлери үч эгиз бир тууган” - деп өзүбүздүн арабызда айтып койчубуз. Себеби, бул үчөө тең маалымат менен иштейт. Ошондуктан биз “бир тууган чекисттербиз”. Мен ушул мааниде гана айттым, - деди Токон Мамытов.

Эске сала кетсек, кечээ 18-сентябрда парламент өкүлдөрү Акыйкатчынын отчетун угушкан. Анда, депутат Руслан Казакбаевге Акыйкатчы Токон Мамытов “кесиптешпиз” деген сөзү коомчулукта ар кандай талкууга жем таштап, араң турган элди дүрбөттү. 

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости