www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Сиз бийликчил акыйкатчы болуп жатасыз” – деп ЖК жепутаты Жанар Акаев 18-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Токон Мамытовго собол салды. 
"Эмнегедир ушундай учурда сиздин үнүңүз катуу чыкпай жатат. Сиз накта карапайым элдин кызыкчылыгын көздөгөн акыйкатчы болушуңуз керек эле. Прокуратура, сот сыяктуу баардык күч органдарына элдин ишеними төмөн. Чак түштө мушташтар болуп жатат, камалгандар чыгып кетет. Керек болсо азыр саясатчылар, өкмөт башчылар, министрдин орун басарлары өзүлөрүнүн укугун коргой албай жатат. Биз ушундай шартта жашап жатабыз”, -деди депутат Акаев.
Ошондой эле депутаттын пикиринде, ички тирештин айынан Курсан Асановдун кызматтан кетиши туура эмес болгон. Асановдой генерал Баткендеги чырлуу окуяда керек болмок. 
Ал эми абактагы ооруп жаткан премьер-министрлердин укугу корголбой жатканын белгилеп, “акыйкатчы катары коңгуроо кагып турушуңуз керек", - дейт Акаев.
Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости