www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Жапаров аппараттык жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери талкууланып, аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларына бир катар тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, социалдык жөлөкпулдарды жогорулатуу жана жеке жер тилкелерин трансформациялоо маселелерин иликтөө табышталды.

Акылбек Жапаров белгилегендей, министрлер кабинети адамдын өнүгүүсүнө жана жашыл экономикага өзгөчө көңүл бурушу керек.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы электрондук документ жүгүртүүгө өтүү боюнча тапшырманын аткарылышынын жүрүшү менен таанышты.

Үстүбүздөгү жылдын 11-майынан тартып министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасы боюнча ведомстволор аралык жана ички кызматтык кат алышуулар электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жүргүзүлүшү керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости