www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинде кезексиз кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, анда төрага министрликтин аткарган иштери жана алдыдагы пландары менен таанышып, билим берүүдөгү өзгөрүүлөр заман талабына ылайык жүрүшү керектигин баса белгиледи.

“Өлкөдө билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн, баарыбыз биргелешип иш жасай турган мезгилдебиз”, - деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билим менен илим – экономиканы алдыга жылдыруунун негизги локомотиви экенин айтып, министрлик тарабынан калктын билимдүүлүк деңгээлин жогорулатуу үчүн болгон күч-аракетин жумшаларын билдирди.

Кеңешменин соңунда Акылбек Жапаров аткаруу бийлиги тарабынан билим берүү тармагын колдоого алуу күчөтүлөрүн убадалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости